Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:13

КАЗАКСТАН БАТЫШТЫН СЫНЫНА МАКУЛ ЭМЕС


Жаркын Темирбаева, Прага Европа парламенти жана адам укуктарын коргоочу Хьюман Райс Уотч уюму ушул жылдын 13-февралында казак оппозиционерлеринин абалы тууралуу тынчсызданууларын билдирип, жергиликтүү бийликти бул маселеде адилеттүү чечим кабыл алууга үндөгөн. Европа парламенти казак жумуриятындагы адам укуктарынын абалы боюнча кабыл алган резолюция ырасмий Астана тарабынан кандай аткарылып жаткандыгы Страсбургда өткөн Европа парламентинин комиссиясынын кезектеги отурумунда талкууланды.

Европа парламентинин комиссиясынын Страсбургда өткөн отурумунда Казакстандагы адам укуктарынын абалына эл аралык коомчулук өтө кылдаттык менен көз салып тураары жөнүндө жарыяланды. Бул жыйынга Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Абусеитов баштаган расмий делегация катышкан.

Парламенттик комиссиянын мүчөсү Глин Форддун айтышынча, казакстандык делегация мүчөлөрү Европа парламентинин комиссиясынын ишине катышкан жогорку даражалуу биринчи казак өкүлдөр болду. Буга чейин комиссиянын ишине жалаң оппозициядагылар менен укук коргоочулар гана катышып жүргөн.

Байкоочулар Астананын Европарламенттин комиссиясынын ишине болгон кызыгуусун Казакстандын саясый жетекчилигинин атына өлкөдөгү адам укуктарынын бузулушу тууралуу айтылган сындарга жооп берүү үчүн жасаган аракети деп баалоодо.

Европа парламенти 13-февралдагы отурумунда учурда түрмөдө отурушкан саясый айыпкерлер Муктар Аблязов менен Галымжан Жакияновдун, белгилүү журналист жана укук коргоочу Сергей Дувановдун сот ишинин кайра каралуусун талап кылган жана жергиликтүү сот бийликтерин адилеттүү чечим чыгарууга үндөгөн резолюция кабыл алган.

Казакстандын бийликтери Европарламенттин мындай резолюциясына кескин түрдө жооп берген. Казакстан тышкы иштер министрлигинин ырасмий жообунда:
“Бул резолюцияда өлкөнүн ичиндеги саясый кырдаалга туура эмес жана бир жактуу баа берилген. Европа парламенти расмий органдарга кайрылгандан көрө, бир жактуу резолюция чыгарганды артык көрдү”, - деп айтылат.

Бул пикирге Европа парламентинин көпчүлүк мүчөлөрү кошулбайт. Жогоруда аталган парламенттик комиссиянын мүчөсү Форддун айтымында, Европа парламентинин Казакстандагы саясый кырдаал боюнча кабыл алган резолюциясы соңку жылдары өлкөнүн эл аралык кадыр-баркынын өтө эле төмөндөп кеткендигин коомчулуктун эсине салат. Парламентарийлердин белгилешинче, өткөн 2002-жылы Казакстанда оппозицияны куугунтуктоо өз туу чокусуна жетти. Ал эми журналисттер болсо өткөн жылды Казакстандын басма сөзү үчүн балакеттүү жыл болду деп аташкан.

Казакстандын тышкы иштер министрлигинде чукулунан өткөрүлгөн маалымат жыйынында министр Касымжомарт Токаев бир нече күн мурда дипломаттар менен парламентарийлерди Батыш коомчулугунун Казакстанга болгон мамилесин өзгөртүү үчүн чогуу аракеттенүүгө чакырды. Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев болсо журналисттер менен өткөргөн жыйында өлкөнүн ичиндеги саясый кырдаал тууралуу ар кандай маалымдамаларды жөндүү жана “туура”гана чагылдыра билүүгө үндөдү.

Ал эми Страсбургда өткөн Европа парламентинин комиссиясынын ишине катышкан “Казакстан демократиялык тандоо партиясынын” мүчөсү Амиржан Косановдун айтымында, Европа парламентинин Казакстандагы адам укуктарынын абалы боюнча кабыл алган резолюциясынын аткарылышы жана жыйында айтылган сын-пикирлер тууралуу расмий делегациянын унчукпаганы туура эмес. Мындайча айтканда, Европарламенттин Казакстандагы адам укуктарынын бузулушуна каршы айткан сыны өлкөдө эч кандай өзгөрүү алып келбеши деле ыктымал, - дейт казак саясатчысы.

XS
SM
MD
LG