Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:53

АМЕРИКАЛЫК «КАРТАҢ БОЗ КАЗ» АНСАМБЛИ


«Күндүк өмүрүң болсо түштүгүнө жорго мин» дегендей, Бишкек, Каракол, Токмок, Карабалта шаарларынын музыка сүйүүчүлөрү бүтүндөй өздүк репертуарлары америкалык салттуу кантри стилиндеги абалкы күүлөрүнөн жана Мэн штаты менен Түндүк Американын элдеринин ырларынан турган «Картаң боз каз» аттуу топтун аткаруусундагы эки сааттык концерттен жан дүйнөнү асылданткан зор ырахат алышты.

Бөлүмү төрт музыканттан турган квартеттин аткаруучулары скрипкада, баянда, фортепианодо, гитарада, банжодо, ооз кыякта ойношуп, алардын коштоосунда ырдашты. Ансамбль чейрек кылымдан бери дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө өнөр тартуулаган. Таанымал чакан жамаат бул жолку сапарын Борбордук Азияга арнаган. Булар концерттик саякатын Түркмөнстандан, Өзбекстандан башташкан. Дүйнөлүк угуучуларга таанымал топтун аткаруучулары кыргыз угуучуларына америкалык салттуу музыканын үлгүлөрүнө айланган шаңдуу, шайыр жүрүштөрдөгү бийлерди тартуулашты. Чыгыштын элдик музыкасынын жыты жыттанган бийлер ар бир угуучунун жан дүйнөсүнө аз да болсо асылдануунун нурларын септи.

Чеберчилиги, устаттыгы менен угуучулардын көңүл отун жандырган аткаруучулар ар кандай мүнөздөгү бийлер менен бирге түндүк америкалыктардын ырларын да өзгөчө берилүү, артыкча эргүү менен ырдашты.

Америкалык топ менен өткөн жылы Нарындык таланттуу жаш шайырлар уюштурушкан «Теңиртоо» ансамблинин кошмо концерттерди бериши, кыргыз музыканттары америкалыктардын чыгармаларын, ал эми меймандар кыргыз күүлөрүн биргелешип аткарышы угуучулар тарабынан жаңы саамалык катары бааланды. Бул концерт угуучуларга кыргыз жана америка музыка чыгармаларынын чакан майрамындай таасир калтырды.

Ансамблдин баянчысы, гитарачысы Жефф Макин кыргыз элине, угуучуларына болгон терең ыраазычылыгын айтты:

- Мага Ысыккөл, Каракол аябай жакты. Биз Караколго түндүк тарабы менен бардык. Кайра Бишкекке жол тартканда Ысыккөлдүн түштүк жагы менен келдик. Мага Көлдүн түштүк жагы жаратылышынын кооздугу менен абдан жакты. Жолдо «ТеңирТоо» ансамблинин катышуучусу Руслан Жумабаев комузда күү аткарды. Анын черткен күүсү айылдын табиятынын кооздугу менен айкалышып турду.

Ошентип, эч кандай чек араны билбеген, котормону талап кылбаган америкалыктардын салттуу музыкасы кыргыз угуучуларынын жүрөктөрүнөн түнөк тапты.
XS
SM
MD
LG