Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

АКШ: САЛЫКТАРДЫ КЫСКАРТУУ АРАКЕТИ ЭКОНОМИКАНЫ КУТКАРАБЫ?


Дүйнөнүн эң өнүккөн экономикасы болуп эсептелген Кошмо Штаттар үч жылдан бери төмөндөө тилкесинен чыга албай келатат. Президент Буш экономикалык стимул катары федералдык салыктарды кыскартууну сунуштап жатат. Бирок адистер мындай чара дайыма эле натыйжалуу боло бербей турганын белгилешет.

Буштун Конгресске жолдогон сунушуна ылайык, федералдык бюджетке түшчү салыктар 726 миллиард долларга кыскартылмакчы. “Мындай кескин кадам улуттук экономиканы жакшыртуунун негизги чарасы”, - деп белгиледи президент.

Шаршембиде президент Буш чакан ишкерлер менен жолугушуп, салыктарды кыскартуу турумунан тайбай турганын айтты. Бирок мурун сөз 726 миллиард доллар жөнүндө болсо, эми президент бул санды 550 миллиард долларга чейин азайтканын жарыялады:

- Конгресс улуттун кызыкчылыгында мүмкүн болушунча тезирээк өнүгүүгө багытталган экономикалык пакетти кабыл алууга тийиш. Салыктарды 550 миллиард долларга кыскартуу менен экономикалык өсүшкө жете алабыз.

Конгресстин өкүлдөр палатасы бул сунушту жактыра элек, ал эми Сенат 350 миллиард доллардан ашпай турган кыскартууга макул болоорун билдирди. Ошентип, президент өз талабын Өкүлдөр палатасы жактырган суммага чейин төмөндөтүп, андан соң Сенат менен орток тил табууга үмүткөр.

Буштун бул демилгесине коомдук колдоо топтоо максатында Ак Үй 25 расмий өкүлүн өлкөнүн булуң бурчунда өтүүчү ар кандай иш-чараларга катышуу үчүн аттандырды.

Экономисттер болсо: “ Салык кыскартуу - экономикалык өбөлгө ыкмасы катары жакшы чара, бирок президент мындай кадам үчүн туура убакыт тандап алдыбы? Маселе дал мына ушунда”, - дешүүдө.
Президент Клинтондун тушунда Ак Үйдүн бюджет боюнча директору болуп иштеген Элис Ривлин 2001-жылкы салык кыскартуу натыйжалуу болду дейт:

- Менимче, 2001-жылкы салык кыскартуулар кыйла болгону менен, кыска убакыттын ичинде натыйжа алып келди. Андай натыйжалардын бири – каражатты калкка кайра кайтарып берүү болду. Бул иш-чара экономиканы төмөндөөдөн сактап калды.

2001-жылдын күз айларында америкалыктар андан алдыңкы жылкы салыктардын кыскартылышына байланыштуу өкмөттөн компенсациялык чек алышкан. Калкка жүз миң доллардык каражат 2000-жылы ашыкча салык кармалгандыгы үчүн кайтарылып берилген.
Ривлиндин айтымында, бул жолу мындай механизм иштебей калышы мүмкүн. Анткени Буштун жаңы сунуштары кыска мөөнөткө эмес, 10 жылга мерчемделген.

Жорж Вашингтон университетинин профессору Роберт Данн болсо Ривлиндин бардык пикирлерине кошулбайт. Анын оюнча, салыктарды кыскартуу АКШ үчүн олуттуу огожо болуп бериши мүмкүн. Кирешелүү кызмат орундарын көбүрөөк түзүү аркылуу федералдык бюджеттин таңсыктыгын азайтууга мүмкүн деп эсептейт эксперт. Ошол эле мезгилде Данн мырза, Буштун азыркы планы көп баскычтуу болгондуктан, иштеп кете албай да калышы ажеп эмес деп санайт:

- Буштун администрациясы сунушун кайра карап чыгып, азыр канча салык кыскартыла алаарын караштырышы абзел. Он жылды мындай коюп, бүгүнкүнү ойлош керек. Анткени экономика ушул тапта стимулга муктаж.

Ал эми айрым конгрессмендер, алардын арасында Республикачыл партиянын өкүлдөрү да бар, мамлекет башчынын жаңы демилгесин четке кагышууда. Алардын айтымында, 2000-жылдан бери федералдык бюджеттин тартыштыгы улам өсүүдө.

11 сентябрдагы террордук окуялар менен Ирак согушуна сарпталган чыгымдар экономикадагы басаңдоону ого бетер күчөттү. Конгресстин бюджет боюнча башкармалыгынын маалыматына карасак, президенттин долбоору ишке ашса, бюджеттин таңсыктыгы 10 жыл ичинде дээрлик 2 триллион долларга жетиши толук ыктымал.

XS
SM
MD
LG