Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:48

АКШнын айтымында, эл аралык инспекторлор азырынча Иракка кайтып келбеши керек


АКШ жетекчилигинин пикиринде, Ирактагы согуш аяктамайынча, эл аралык инспекторлор өлкөгө кайтып келбеши керек. Ак Үйдүн басма сөз катчысынын айтымында, Иракта куралдуу кагылышуулар дагы эле кез-кези менен уланууда, коалициялык күчтөр болсо, өлкөдө катылганы жоромолдонгон кеңири кыруучу куралды өздөрү да издеп жатат. Бирок коргоо министри Доналд Рамсфелддин айтымында, америкалыктар өздөрү андай куралды таба албайт, ошондуктан аны билген ирактык адистерди табуу керек. Бириккен Улуттардын инспекторлорунун башчысы Ханс Бликс жакында текшерүүчүлөр Иракка кайтып келиш керек деген пикирин билдирген. Ноябрдан бери Иракта иштеп, инспекторлор андай курал тапкан эмес жана Иракка каршы башталган согуштун негизги себептеринин бири - кеңири кыргын салуучу куралды таап, аны жок кылуу болчу.

XS
SM
MD
LG