Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

ИРАКТА УУРДАЛГАН БАЙЫРКЫ ЭСТЕЛИКТЕРДИ ИЗДӨӨ БАШТАЛДЫ


Кошмо Штаттардын президентинин маданий маселелер боюнча 3 кеңешчиси Ирактын музейлеринен өтө баалуу байыркы экспонаттар таланып-тонолгонуна байланыштуу нааразылык билдирип, кызматынан баш тартышты. Алар тарыхый мааниси зор эстеликтердин уурдалышына АКШ аскерлеринин шалаакылыгы жол берген деп эсептешет. АКШнын Федералдык иликтөө бюросу жоголгон буюмдарды издеп-табыш үчүн өз агенттерин Багдадга жөнөткөнүн жарыялады.

Өткөн жумада коалициялык аскерлер Багдад жана башка ирак шаарларын басып алганда, бийликсиз калган эл башаламандыктан пайдаланып, ээн калган үй-жайлар менен коомдук мекемелерди талап-тоноп, колуна тийгенин карактай баштаган. Биздин заманга чейинки Эки Дарыя аралыгындагы мамлекетерден, эң байыркы цивилизацияны түптөгөн шумерлер, аккаддыктар жана ассириялыктардан калган көөнөргүс эстеликтер, мындан 10 миң жыл илгери адамдын колунан жаралган айкелдер, шынаа сымал тамгалар тизилген тактайдагы жазуулар, ошол кездеги мамлекеттик документтер ж.б. баа жеткис дүйнөлүк маанидеги экспонаттар сакталган Багдаддагы Улуттук музей, Ирактын түштүгүндөгү Мосул калаасынын маданий жайлары таламайга түшүп, адистердин айтымында, аларда азыр исламга чейинки доордон бери келаткан экспонаттардан дээрлик эчтеме калган жок.

Ага кошумча Багдаддагы Ислам китепканасы чак түштө өрттөнүп, андагы кымбат баалуу байыркы китептер, кол жазмалар, Ыйык Курандын эң эски нускаларынын бири күйүп жок болду. Эл аралык коомчулук бул окуяларга байланыштуу Америка баштаган коалициялык күчтөргө терең нааразычылык билдирип, аларды бүткүл адамзат тарыхы үчүн баалуу эстеликтерди коргоп кала албаган үчүн күнөөлөп чыкты.

Болор иш болгондон кийин, эми жок дегенде жоголгон экспонаттардын баарын болбосо да, бир бөлүгүн кайра кайтаруу аракеттери көрүлө баштады. Парижде өткөн пресс-конференцияда эл аралык ЮНЕСКО уюмунун башкы директорунун маданият боюнча орун басары Мунир Бученаки бул багытта көп аракет жасалып жатканын белгиледи:

- Иракта жоголгон баалуу экспонаттар жөнүндөгү толук маалымат Интерполго, Эл аралык музейлер кеңешине, Өнөр буюмдарына адистешкен соодагерлер ассоциациясына да берилди. Өткөн жума күнү Багдаддагы музейлер каракталаар замат, ал жактагы кырдаалды түшүнгөн соң, биз Иракка коңшулаш өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө кайрылып, чек ара жана бажы кызматкерлерине ирактык баалуу тарыхый буюмдарга өзгөчө кылдат мамиле жасап, көзөмөлдү күчөтүү боюнча тапшырма берүүнү талап кылганбыз.

АКШ президентинин маданий маселелер боюнча 3 кеңешчиси Ирактагы мыкаачылыкка терең нааразылыгын билдирип, кызматынан чегиништи. Алар тарыхый талоончулукка америкалык аскерлердин кайдыгерлиги менен шалаакылыгы жол берген деп эсептешет. "Күн мурунтан даярдалып башталган согушта эч убакта мындай болбош керек эле", - деп белгилейт соңку сегиз жылдан бери АКШ президентинин маданий маселелер боюнча кеңешчилер тобун жетектеп келген Мартин Салливан. Отставкага кетүү жөнүндөгү арызында ал Ирактагы талоончулукту "трагедия" деп атап, анын бул окуялар менен келишкис сезимдерин көпчүлүк америкалыктар бөлүшөөрүн кошумчалай кеткен.

АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд согуш болуп жаткан чакта мындай каракчылыкты токтотуу мүмкүн эмес деп билдирди. Ошентсе да, Америка өкмөтү Иракта уурдалган тарыхый жана маданий эстеликтерди кайра кайтарган, же аларды табууга жардамдашкан адамдар үчүн акчалай сыйлыктар берилээрин жарыялады. АКШнын Федералдык тергөө бюросунун агенттери уурдалган баалуу эстеликтерди издөө иштерин колго алыш үчүн Иракка жөнөп кетишти. Бюронун жетекчиси Роберт Мюллер "Ройтерс" агенттигине берген интервьюсунда: "Ирактагы талоончулуктун мүнөзүнө караганда, музейлерге кол салуу – күн мурунтан даярдалып уюштурулган акция өңдөнөт", - деп маалымдаган. Андан тышкары Багдадга Бириккен улуттар уюмунун 30дай эксперти барып, каракталган музейлерде калган экспонаттарды изилдеп тактап, аскерлерге аларды сактап-кайтаруу боюнча кеңеш бермей болду.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG