Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:41

КОЖОМКУЛ – КЫРГЫЗ АЛПЫ


Каба уулу Кожомкул – кыргыз элинин сейрек кездешкен айтылуу балбаны. Кылымда бир жаралган кыргыз алпынын бою 2 метр 36 сантиметр, салмагы 215 килограмм болгон. 635 килограмм салмактагы ташты так көтөрүп, 100 метрдей басып барган. Совет доорунда анын балбандыгы, бою, салмагы азайтылып көрсөтүлүп келген. Эми Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунун алдында балбандын эстелиги орнотулмак болду.

Кыргыздын атактуу балбаны Каба уулу Кожомкул дене түзүлүшү жагынан дүйнөгө таанымал балбандар Иван Поддубный, Зайкин, Кажымукан Муңайтпасовдордон ашса ашкан, алды кем болгон эмес. Совет доорунда балбандын бою, салмагы атайын кичирейтилип көрсөтүлүп келген. «47 жашында салмагы 164 кг., бою 1 м. 97 см.» делип кичирейтилип айтылган. Адамдардын арасында турганда Кожомкул көкүрөгүнөн өйдө чыгып, алыстан көрүнүп турчу дешет. Колунун манжаларынын узуну эле 25 см., бутунун өлчөмү 56 болгон. Анын балбандыгы ата-энесинен мурас калган. Атасы Каба балбан катары таанылган, энеси Алмадай да эр сайышка түшүп жүргөн кишилер болгон.

Кожомкулдун балбандыгы бала чагында эле байкалган. 15 жашында күрөшкө чыгып, 45 жаштагы дасыккан балбанды жыккан. Казак балбаны Балуан Шолакты жыккандан кийин, атагы алыска тараган. Кожомкулдун балбандыгы эл оозунда көп айтылып келет. 400 кг. чамалуу өгүздү жараңкадан сууруп алган. 22 жашында Суусамыр өрөөнүндөгү Арамза төрүндө 635 кг. салмактагы ташты 100 метрдей көтөрүп барып, жерге уруп киргизген. Кожомкулдун мындай көтөргөн таштары Суусамырдын Бөйрөк, Кеңсуу, Жоожүрөк жайлоолорунда жана Кетментөбөдө бар. Бороондо Төөашуудан аты баспай калганда, атын ашуудан көтөрүп чыккан. Лом темирди ийип, ат такаларды бир колу менен сындырган. Бир тутам тал табылгыны бир колу менен сыгып, суусун чыгарган.

Каба уулу Кожомкулдун эстелигин куруу демилгесин көтөргөн Кожомкул атындагы фонддун төрагасы, спорт ардагери Тынчтыкбек Конушбаев мындай дейт:

- Жакында телемарафон өткөрдүк. Негизги максатыбыз - кыргыздын даңазалуу балбаны Каба уулу Кожомкулдун эстелигин тургузууга каражат топтоо эле. Себеби, эстелигин куруу жөнүндө сөз болуп, бирок аракет көрүлгөн эмес. Телемарафонго эл аз келип, каражат деле ойдогудай чогулган жок. 230 миң сомдой нак түштү. Калганы которуу жолу менен деп айтылганы менен, алегиче түшө элек. Эстелигин Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын майрамдоого чейин куруп бүткөрсөк деп аракет кылып атабыз. Эстелик Кожомкул атындагы спорт сарайынын алдына курулат. Эстеликтин долбоорун архитектор Сергей Байназаров түздү. Ал эми скульптору Базарбек Сыдыков ишти баштап, эстеликти жасоодо. Ал дагы таасирдүү образын жаратты. Талашып-тартышуудан кийин, түрдүү пикирлерди эске алып, Кожомкулдун ат көтөрүп бараткан учурун жактырдык. Эстелик ушундай сыпатта болмокчу. Эстеликти курууга 1 млн. 700 миң сомдон ашуун каражат сарпталат. Ал эми марафондо 600 миңдей каражат гана чогулду. Ошентсе да баштаган ишти аягына чыгарабыз.

Эстеликти көтөрүү - бир гана Кожомкул атындагы фонддун иши эмес, бул жалпы кыргыз элинин милдети, парзы. Кожомкулду даңазалоо, кыргыз элин да таанытуунун жөрөлгөсү болмокчу. Эмдиги жылы балбандын 115 жылдыгын белгилеш үчүн азыртан даярдык көрүлүүдө. Кожомкулду «Гиннестин рекорддор китебине» расмий каттатуу зарыл. Ошондой эле Кожомкулдун байгесине арналган эркин күрөш мелдешин эл аралык деңгээлге жеткирүүгө аракет болуп жатат. Бул мелдешти Эл аралык күрөш федерациясынын Гран-при турнирине айландырыш керек.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG