Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Парламент оор кылмыштардын ачылбай жатышынын себебин иликтейт


Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын үч комитети - коопсуздук, сот-укуктук жана мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча комитеттер акыркы кездери катталган оор кылмыштар боюнча парламенттик угуу өткөрүүгө даярданууда жана ал жакынкы жумаларда өткөрүлмөкчү. Бул тууралуу ишемби күнү сот-укуктук жана мыйзамдуулук боюнча комитеттин төрагасы Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, акыркы кезде жасалган оор кылмыштар, алардын ичинде Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловго кол салуу, Бишкек-Торугарт жолундагы 21 адамдын өмүрүн алып кеткен трагедия, «Дордойдогу» жардыруу, «Турбазанын» өрттөлүшү белгисиз себептер менен ачылбай турат. Парламенттик угууда алардын ачылбай жатышынын себептери иликтенет. Ошондой эле Аксы окуясынын тергелбей жатышын да көтөрөбүз дейт Азимбек Бекназаров.

XS
SM
MD
LG