Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:09

АКШнын Ирактагы администратору Ж.Гарнер Багдаддагы ишин баштады


Отставкадагы генерал Жей Гарнердин айтымында, убактылуу администрациянын биринчи кезектеги милдеттери – калкты электр энергиясы жана суу менен камсыздоону толук калыбына келтирүү. Ал Багдаддагы сапарын талап – тоноого кабылган жана электр жарыгысыз калган ооруканынын абалы менен таанышуудан баштады. Ж.Гарнердин администрациясына Ирактын өткөөл өкмөтүн түзүү, өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүү, гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү ишин координациялоо милдети да жүктөлгөн. Генерал Жей Гарнер өзүнүн Ирактагы ролу жөнүндө Багдаддан буларды айтты:

- Мен эч нерсени башкарбайм. Мен коалициянын адамдар эриш-аркак аракеттенип,өзүн-өзү башкаруу жараянына киришүүсү, биздин көмөгүбүз менен калыбына келтирүү жараянын баштоосу жана акыр аягында өкүлдөрү ирак эли тарабынан эркин шайланган демократияга жетүүсү үчүн түрдүү чөйрө түзүү ишиндеги жардамчысымын.

Ал белгилегендей, АКШ өзүн Багдаддын губернаторумун деп жарыялаган оппозиция лидерин тааныбайт. Мунун аралыгында бүгүн Ирактын шийи мусулмандары зыярат кылып, ыйык шаар катары саналган Кербалага чогулду. Саддам Хусейндин режими учурунда алардын бул жерде диний жөрөлгө жасоосуна тыюу салынган эле. Айрымдар Кербаладагы топтошууну саясий максатта пайдаланып, АКШ аскерлери Ирактан чыгарылышын талап кылышты.

XS
SM
MD
LG