Ушул күндөрү Кербалага Ирактын булуң-бурчунан жүз миңдеген киши чогулду. Шаарга баруучу жолдор кары-картаң, жаш балдар шыкалып алган жүк ташыгыч, автобус, жеңил машиналарга жык-жыйма толгон, жашыраактары жөө-жалаңдап агылууда. Шиийлердин санжырасында Мухамад Пайгамбардын небереси имам Хусейн биздин замандын жетинчи жүз жылдыгында Ирак элин Язид бин Муавиянын зулумдугунан боштуу үчүн келип, кан майданда ажал тапкан деп айтылат. Алинин уулу Хусейнге багышталган 40 күндүк зыярат ушул бейшембиде аягына чыгып жатат.
30 жылга созулган репрессиялардан кийин миллиондогон ирактык шиийлер диний эркиндиктин ырахатына батып, көңүлдөрү көккө жетип турган чак.
"Саддам Хусейндин кара башы жерге кирди дешет, ылайым эле ушул чын болсо экен. Бул жылдары эмне деген гана азапты баштан кечирбедик!" - деп агынан жарылды зыяратка келген аялдардын бири.
Жолдордо кайда көз чаптырсаң жылаңайлак, Имам Хусейндин портретин көтөрүп, аны эскерген таризде көкүрөктөрүн койгулап, сүкүткө түшкөн эле киши. Айрымдары буттарын араң сүйрөп келатышат. Көбү үстү-башын чаң басып, буттары кычы, мээ кайнаткан ысыкта бир ууртам суу көздөн учуп, бир нече күндүк сапарында уйкудан калып алдан тайган. Бирок имам Хусейндин күмбөзүнүн босогосун аттап, эшигине эрдин тийгизээри менен адам күч-кубатка толо түшкөнсүйт.
Шиийлердин көбү чет элдик кабарчылардан тартынбастан, "биздин кубанычты бүткүл дүйнө билди" деп сыймыктана сүйлөп жатышты.
- Хусейн диктатурага каршы чыккан биринчи көсөм болгон. Ал - Мухаммад пайгамбардан эле кийинки жер жүзүндөгү эң чынчыл жана айкөл адам, - дейт Кербалага 130 чакырым жолду жөө басып келген бир жигит.
Зарлап жеткен азаттыкка эрээркеген зыяратчылар, бирок, Саддам Хусейнден арылткан Американын көздөгөн максатынан шек санашат.
- Эгер (америкалыктар) боштондукка чыгаруучулар экени чын болсо, биз өтө кубанычтабыз, бирок алар баскынчылар болсо, биз өтө өкүнөбүз жана каршылык көрсөтөбүз, - деди бур зыяратчы жигит.
Башкалары Иракта исламдык бийлик орношу керек деп эсептешет.
- Биз Иракты исламчыл жол башчынын бийлешин каалайбыз. Бизге Саддамдын да, америкалыктардын да кереги жок, анткени экөө тең каапырлар, - деди Имам Хусейндин күмбөзүнө кирип бараткан дагы бир зыяратчы.
Анын аралыгында Кербалада "бир нече киши оору, дагы канчасы өлүптүр" деген кеп чыкты. Бечаралар күндүн аптабынан, ыплас суу, бузулган тамактан жан берген болушу мүмкүн, бирок "аларды Саддамдын кишилери тамакка уу кошуп берип ууландырыптыр" деген ушак-айың таркады. Айтор, бир Хусейндин зыяратында опур-топур болуп, шаңга бөлөнгөн шаар экинчи Хусейндин караанынан арыла элек.