Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:46

МАЙЛЫСУУ КОРКУНУЧУ, СӨГӨТ ТРАГЕДИЯСЫ, БОЛОЧОК ПРЕЗИДЕНТ БОЛЖОЛУ


Адистер Майлусуудагы уран калдыктары сакталган жерден көчкү кетээрин айтып кабатырланып жатышканы, жаз алды күчөгөн табигый кырсыктар, президентке талапкер ким болушу керектиги кыргыз басылмаларында кызуу талкууга алынган темалардан.

“Кыргыз ордо” гезити соттолуп, чыкпай калганына 105 күн болгонун бейшембидеги “Республика” гезити окурмандарынын эсине салды. Гезитте Өзгөндүн “Сөгөт” айылындагы жер көчкү жүрчү опуртал айылда жашагандарды түз жерге көчүрүп түшпөгөн бийликке сын айтылат. Азыркы бийликте кадр саясаты түшүнүксүз экенине ушул эле гезитте Мейманбек Абдылдаев токтолгон. Анын “Кеминизмден трайбализмге” деген макаласында бийликке эл ээ болушу керек, деген ой айтылат. Автордун пикиринче, журт башкарам дегендерди ата-жотосуна чейин текшерүү абзел. Ал өзү “келечектеги ажо Манастын душманы Коңурбайдын тыңчысы болуп» калбаш амалында жасалчу иш. “Бул оюн эмес, өтө маанилүү маселе», деп жазат автор.

Президент А.Акаев республиканын түштүгүндөгү биртоп кооптуу жерлерде болуп, кырсыкка каршы туруу аракеттерин көрүп кайтканын бейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити маалым кылды.

Басылмада эларалык илимпоздор менен адистердин Бишкек жолугушуусунун катышуучуларынын кайрылуусу жарыяланган. Адистердин айтымында, Майлысуудагы уран калдыктары республикадагы жападан-жалгыз коркунучтуу жай эмес. Андай жерлердин саны республикада 35. Негизинен таш көмүр жагылган Борбор Азия чөлкөмүндөгү жылуулук станциялары, адистердин эсебинде, экологиялык олуттуу коркунучтарды жаратууда, тоолордогу түбөлүк муздардын ыкчам эришине алып келүүдө.

Парламент депутаты Турдакун Усубалиевдин маалыматы боюнча, Кыргызстандын 6,5 миң гектир жерине 145 миллион тонна радиоактивдүү калдыктар көмүлгөн. Борбор Азияда 33 жылуулук станциялары иштейт, алар жылына миллион тонна көмүр менен мазут жагышат.

Жогорку кызмат адамдарынын гезиттер менен соттошуусу бейшембидеги «Общественный рейтинг» гезитинде жарыяланган Шамарал Майчиевдин макаласында талдоого алынган. Автордун айтымында, демократиялуу өлкөлөрдүн маалымдоо каражаттары кызматтагы адамдарды сынга алышы, аларга оор жалаа жабышы адаттагы көнүмүш. Эгер барандуу чиновник гезит менен соттошкусу келсе кызматын таштап, жөнжай адам катары доо-арыз менен чыгышат. Бул жагдай соттошчу тараптардын бирдейлигин камсыз кылууга өбөлгө түзөт. Кыргызстанда жогорку кызмат адамдары соттук пошлинага 10 сом төлөп, жекече адамдык аброюн коргош амалында гезиттерге миллиондогон сомдук айып коюп соттошууну жакшы көрүшөт. Кыргыз соттору мындан 10 жыл илгерки Жогорку сот пленумунун чечимине таянып кызматтагы чиновниктердин пайдасына чечим чыгарып чыгарышууда.

Кыргызстандын болочок президенти ким, ал кандай сапаттарга ээ болушу керектиги тууралуу гезит бетинде парламент спикери Алтай Бөрүбаев менен депутат Акылбек Жапаров ой жүгүртүшкөн. Спикердин айтымында, А.Акаевдин аракети менен өлкө башкарууга жарамдуу жетекчилердин өзүнчө плеядасы өсүп чыкты. Ошолордун бирөө жооптуу кызматты аркалашы мүмкүн. Акылбек Жапаров болочок президенттин сөзү менен иши дал келишин каалайт.

Кыргызстанда иши жүрүшпөй жабылган банктардын эсеби көбөйүп, элдин акчасын ойкелди чачкан банк жетекчилердин бир да бирөө жоопкерчиликке тартылбаганын бейшембиде «Вечерний Бишкек» гезити жазды. Банк жетекчилери тааныш-билиштерине, таасирдүү чиновниктерге, кээде ишкерлерге чоң акчаны кармата берген учурлары арбын.

«Аалам» гезитинин жооптуу редактору Кенжебек Арыкбаевдин айтымында, басылманын жума күнкү санында Гүлсина Өмүрбек кызынын Аксы окуясы тегин жерден чыкпагандыгы тууралуу ой жоруусу, акыйкат издеп Ысыккөлдөн эки ирет Бишкекке жөө келген дыйкан Досумбай Дүйшалиевдин макаласы, «Атамекен» социалисттик партия жетекчисинин орунбасары Дүйшөнкул Чотоновдун маеги жарык көрмөкчү.
XS
SM
MD
LG