Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:20

УКУК КОРГООЧУ РАМАЗАН ДЫРЫЛДАЕВГЕ АЙРЫМ КЕСИПТЕШТЕРИ КАРШЫ ЧЫКТЫ


Кубат Оторбаев, Бишкек шаары. Бүгүн Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин Нарын облусу боюнча ѳкүлү Качкын Булатов жана Ысыккѳл облусу боюнча мурдагы ѳкүлү Болот Тыналиев маалымат жыйынын ѳткѳрүштү. 22-апрелде Адам укуктары боюнча Эл аралык Хельсинки федерациясы кыргыз бийлиги Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин тѳрагасы Рамазан Дырылдаевди куугунтуктоону күчѳткѳндүгүнѳ кабатырланган билдирүүсүн тараткан. Бул окуя тууралуу Дырылдаевдин ѳзү «Азаттык» үналгысына: «Бийлик биздин комитеттин ишин токтотуп, ѳз максатына жетүү үчүн мени менен чогуу иштеп келген укук коргоочуларды пайдаланып жатат», - деп билдирди. Ошол эле учурда Рамазан Дырылдаев менен чогуу иштеп келген укук коргоочулар «бул маселеде эч кандай саясат жок» деген пикирлерин айтышууда.

Адам укуктары боюнча Эл аралык Хельсинки федерациясы 22-апрелде тараткан билдирүүдѳ кыргыз бийлиги Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин тѳрагасы Рамазан Дырылдаевге каршы жаңы куугунтуктоону баштады деп айтылат. Билдирүүдѳ ал максат үчүн Ички иштер министрлигинин Экономикалык кылмышка каршы күрѳш башкармалыгы пайдаланылып жатканы белгиленет. Мындай билдирүүнүн таратылышына Рамазан Дырылдаев менен анын бирге иштешип келген кесиптеш укук коргоочуларынын ортосунда чыккан пикир келишпестик негиз болду.

Рамазан Дырылдаевге нааразы болгондордун башында Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин Нарын облусу боюнча ѳкүлү Качкын Булатов, комитеттин Талас облусу боюнча координатору Ырыскелди Момбеков жана Ысыккѳл облусу боюнча мурдагы ѳкүлү Болот Тыналиев турат. Бүгүн (24-апрелде) Качкын Булатов менен Болот Тыналиев Бишкекте маалымат жыйынын ѳткѳрүштү. Качкын Булатовдун айтымында, Адам укуктары боюнча кыргыз комитетине Батыштан бѳлүнгѳн каражаттарды Рамазан Дырылдаев ѳзү каалагандай чачып, максатсыз пайдаланып келген:

- Рамазан Дырылдаев тарабынан каржылык тартип бузуулар бар. Болгондо да чоң сумма ѳлчѳмүндѳ. Ал каражат менен бир облусту кебелбей багып алганга болмок.

Булатовдун айтканына караганда, акыркы 3 жылда комитетке чет элдик уюмдардан 460 миң АКШ доллары чамасында каражат бѳлүнгѳн.

- Бирок, Рамазан Дырылдаев ал акчаны кандай пайдаланганы тууралуу комитеттин башкармалыгына бир да ирет отчет берген жок, - деди Качкын Булатов.

Болот Тыналиевдин сѳзүнѳ караганда, ал Рамазан Дырылдаевден комитетте мурда иштеген күндѳрү үчүн эмгек акысын алалбай келатат:

- Маянамды алалбай кыйналып кеткеним үчүн арыз жазып ѳзүм жумуштан бошогом. Кийин келип мурда иштеген күндѳрүм үчүн эмгек акымды тѳлѳп бериңиз деп Дырылдаевге кайрылсам, ана-мына деп жүрүп, кийин Венага кетип калды.

Соңку убакта кѳпчүлүк кѳзүнѳн оолак болуп жүргѳн Рамазан Дырылдаевдин ѳзү болсо “Азаттыктын” кабарчысына «Качкын Булатов баштаган адамдарды бийлик мага каршы айдактап жатат, бул кезектеги саясий куугунтук» деди:

- Мага каршы мындай иштердин башталышына бир канча негиздер бар. Алыс барбай эле акыркы мисалды айтайын. Ушул жылдын 12-февралында Европа Кеңешинде Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу сѳз болуп, ага бийлик тараптан мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраев, биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов катышты. Ал жерде кемчиликтер ачык айтылды. Ошондон кийин мага каршы куугунтук күчѳдү. Бийликке менин адам укуктарын коргоо жаатында жасаган иштерим жакпай келатканы баарыга маалым. Куугунтук ушунтип күчѳдү.

Анын сѳзүнѳ караганда, комитеттин Нарын облусу боюнча ѳкүлү Качкын Булатов, комитеттин Талас облусу боюнча координатору Ырыскелди Момбеков жана Ысыккѳл облусу боюнча ѳкүлү Болот Тыналиев ѳздѳрүнѳ жүктѳлгѳн милдеттерин так аткарбай келишкен.

- Качкын Булатовдун милдети – Нарын облусунда туруп, адам укуктарына кѳзѳмѳл жүргүзүү эле. Ал «мени камаганы жатат» деген шылтоо менен Бишкекте жүрдү. Камаса Бишкектен деле, башка жерден деле камайт эмеспи. Анан жыл башында кошуна үйгѳ ууру кирди деген шылтоо менен Улуттук коопсуздук кызматынын адамдарын чакырып, биздин кеңсеге киргизиптир. Жакында болсо комитеттин компьютерлерин алып кетүүгѳ аракет жасашыптыр, - деп кошумчалады Рамазан Дырылдаев.

Ал эми Качкын Булатов бийлик органдары менен эч кандай байланышта эместигин жана күч органдарына комитеттеги каржылык тартип бузуулар боюнча кайрылбаганын билдирди:

- Бул жерде кымындай да саясат жок. Рамазан Олокеевичтин бул ишти саясатка аралаштырганы туура эмес.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрѳш башкармалыгынын жетекчиси, полковник Сергей Баженов Рамазан Дырылдаевге байланыштуу Ички иштер министрлигине эч ким арыз менен кайрылбаганын маалымдады:

- Бизге эч ким кайрылган жок. Кайрылышса карап кѳрѳбүз.

Айрым саясатчылар Рамазан Дырылдаевдин айланасындагы акыркы окуялардын демилгечилерине нааразы болушууда. Жогорку Кеңештин депутаты, белгилүү оппозициячыл саясатчы Азимбек Бекназаров Кыргызстандагы адам укугун коргоо ишине Рамазан Дырылдаев жакшы эмгек сиңирди деп эсептейт:

- Бул кадам - бийликтин укук коргоочуларды бѳлүп-жаруу максатында ойлоп тапканы. Турсунбек Акундун кадырын түшүрүү үчүн Мелис Арыпбек уулун пайдаланышкан. Эми Дырылдаевге да ошол жолду пайдаланып жатышат. Аксы окуясын, Кыргызстандагы адам укугунун бузулушу боюнча башка маселелерди Еврокеңештин жана башка эл аралык уюмдардын деңгээлине Дырылдаев жетектеген комитет алып чыкпадыбы. Бул – бир да саясий партиянын колунан келген жок да. Биз кокту-колотто жүрүп эле мыктыларыбызга бут тосконго кыйынбыз.

XS
SM
MD
LG