Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05

ИРАКТЫН ШИЙИТ МУСУЛМАНДАРЫ КЕРБЕЛАДАГЫ ЗЫЯРАТЫН ЖЫЙЫНТЫКТАДЫ


Улан Алымкул уулу. (Прага) Ирактын шийит мусулмандары ыйык шаар катары эсептелген Кербалада үч күнгө созулган диний зыяратын шаршембиде жыйынтыкташты. Алар бул жерге Мухаммед пайгамбардын небереси - имам Хусейн мындан он төрт кылым илгери каза тапкан күндүн кезектеги жылдыгын белгилөө үчүн чогулушкан эле.

Сунний Саддам Хусейндин режими учурунда дээрлик чейрек кылым шийиттердин Кербелага зыярат жасоосуна тыю салынган болчу. "Азаттык - Эркин Европа" радиосунун учурда Иракта жүргөн кабарчысы Замира Эшанова менен байланышканыбызда, ал Кербелада шийиттердин зыяратынын соңку күнү кандай өткөнү тууралуу шаршембиде төмөнкүлөрдү билдирди:

- Бүгүн бул жерде бир миллиондон ашуун, балким, бир жарым миллиондой адам болду. Баардыгы имам Хусейндин күмбөзү катары саналган мечитти көздөй бара жатышты. Кербеланын ал мечитке алпарган жолдорунуна шыкалган зыяратчылардын кээ бирлери ырдашып, экинчилери Хусейндин таржымалын ыр менен айтышууда, анын сүрөттөрүн көтөрүп алышкан. Эркектери өз көкүрөктөрүн ,аялдары маңдайын койгулап жатышат. Бул – ырым - жырымдар. Алар мечиттин кире беришиндеги эшикти, бут баскан жерлерин өпкүлөшүүдө. Жогорудагыдай ырым – жырымдарды зыяратчылар үч күн бою бир нече ирэт жасашты.

- Ал эми зыяратчылардын маанайы кандай болду экен?

- Мен жалпы маанайды кубанычтуу деп мүнөздөй алам, кандайдыр бир ырахаттануу бар. Алгачкы жолу 30 жылдын ичинде алар муну өкмөттүн кысымысыз жана өкмөттөн чоочулоосуз жасап жатат. Зыяратчылар чет элдик журналисттерге өтө кубанычта экенин айтышты. Бирок, ошол учурда, Керебеланын көчөлөрүндө, мечиттин айланасында "Американын, Израилдин, аскердик өкмөттүн кереги жок", "Ислам", "Демократиялык элдик өкмөт", "Ирак өкмөтү" үчүн деген ураан-чакырыктарды айтып ,жүрүш жасаган топтор да болду. Демек, кандайдыр бир саясий маанай да орун алды. Бирок жалпы маанайды менен өтө кубанычтуу деп айта алам.

- Иракта коалициялык күчтөрдүн турушуна шийит мусулмандар кандай мамиледе? Дегеле зыярат күндөрү тартип жагы кандай кандай болду?

- Алар Саддамды кетиргени үчүн коалициялык күчтөргө ыраазы экенин айтып жатышат. Бирок, ага катар, ар бир адам коалициялык күчтөрдүн Ирактан болушунча тез чыгып кетишине, өлкөнү башкаруу ирактыктардын өзүнүн колуна тийүүсүнө курсант экенин кошумчалашууда. Ал эми тартип жагына келсек, сиз башында бул - баш аламан, жакшы уюшулбаган иш экенин көрмөксүз. Жергиликтүүлөр бир нерселерди жасоого аракеттеништи. Тартип сактоого умтулган ыктыярдуулар да болду. Бирок, ошол эле учурда, тартип жагынан чоң проблема болгон жок.

- Ал эми сырттан бир миллиондон ашуун зыяратчы келген Кербелада гуманитардык жагдай кандай?

- Менимче жакшы эмес, жардам алышпаган. Себеби, коомдук тамактануу жайларындагы адамдар бизге ичүүчү суу тартыш экенин айтышты. Демек, проблема бар. Мен гуманитардык уюмдарды же жүк алып келген автоунааларды көрө албадым. Гуманитардык жардамдын белгиси байкалбайт. Жардам берилип жатканын Багдаддан деле байкай албайсыз. Бирок мен Кербелага келе жаткан жолдо шекер жана ун сатып жаткан адамдарды көрдүм. Мага маалым болгондой, ирактыктарга багытталган бул гуманитардык жардамдардын бир бөлүгү азыр аны сатып жаткан соодагерлердин колуна түшүп калган.

XS
SM
MD
LG