Эвиан шаарында, белгилүү болгондой, чоң жетилик менен Россиянын кезектеги саммити белгиленген. Бул күндөрү Кытайда ырасмий визит менен жүргөн Франциянын премьер-министри Жан-Пьер Раффарен кечээ Кытайдын төрагасы Ху Цзинтаону аталган саммитке катышууга таклип кылды. Бул сунушту Кошмо Штаттары кубаттады. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Ричард Баучер индустриалдуу державалар өнүгүп жаткан өлкөлөр менен тыгыз кызматташуу жолдорун бир нече жылдардан бери талкуулап келатканын белгиледи.