Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Баткен облусундагы экологиялык фонд облустун жетекчилигине кайрылды


БАТКЕН. Баткен облусунда өскөн сейрек кездешүүчү айгүл гүлүн корукка алган «Козулан» экологиялык-коомдук фонду облус жетекчилигине кайрылды. Анткени, бул фонддун жетекчиси Райма Назированын бүгүн «Азаттыкка» билдиргенине караганда, Айгүл тоосуна эс алганы чыгышкан облус борборундагы мекеме-уюмдардын айрым кызматкерлери сейрек кездешүүчү гүлгө ырайымсыз мамиле жасап, күзөтчүлөргө баш ийбей айгүлдү каалагандай жулуп атышат. Анын айтымында, мындай адамдар аты-жөнүн айтуудан баш тартып кеткендиктен, алардын ким экендигин такташ кыйын. Ошондуктан жазылып калган автоунаалардын номерлери аркылуу аларды тактап, мыйзам негизинде чара көрүүгө көмөк көрсөтүүсүн өтүнүп, фонддун өкүлдөрү облустук администрацияга кайрылып отурушат. Апрель айынын орто ченинде гүл ачкан айгүл бир ай ичинде кайра гүлүн таштайт. Илимде «Петлиум Эдуарда» деп аталган бул ажайып гүл дүйнөнүн 2-3 гана өлкөсүндө, анын ичинде Кыргызстандын Баткен облусунда өсөт.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG