Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:27

Акыйкатчы жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү аракети жасалууда


БИШКЕК. «Кыргызстан Акыйкатчысы жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү боюнча мыйзам долбоору даярдалууда. Бул тууралуу бүгүн Акыйкатчы институтунун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Александр Цой кабарлады. Анын айтымында, иштеп жаткан мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө анда Акыйкатчы институтунун кызматкерлеринин статусу, Акыйкатчынын орун басарларынын жана региондордогу өкүлчүлүктөрүнүн ыйгарым укуктары так аныкталбагандыгы себеп болууда. Бул маселе Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жардамы менен 7-майга белгиленип жаткан «тегерек стол» жыйынында талкууланат. Талкууга биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмоновдун катышуусу күтүлөт. Анда мыйзамга алымча-кошумчаларды киргизүү менен катар Акыйкатчы институтунун азыркы абалы, тактап айтканда, аны материалдык-техникалык жаткан камсыздоо, ишине шарт түзүү маселелери да каралмакчы.

XS
SM
MD
LG