БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 20-апрелде болгон жер көчкүгө байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмуна, бардык мамлекеттердин өкмөттөрүнө, эл аралык бейөкмөт уюмдарга жана фонддорго кайрылуу жолдоду. Анда министрлик БУУну, жер көчкүнүн алдын-алуу жана уу калдыктары көмүлгөн жайларды зыянсыздандыруу тажрыйбасына ээ болгон мамлекеттердин өкмөттөрүн, эл аралык уюмдарды Кыргызстанга гуманитардык, финансылык жана техникалык жардам көрсөтүүгө чакырды. Буга 20-апрелде Өзгөн районунун Каратарык айылында 38 адамдын өмүрүн алган жер көчкүнүн жүрүшү жана андан кийинки табигый кырсыктар түрткү болду. Кайрылууда кыргыз өкмөтү табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу, анын алдын алуу аракеттерин көргөнү менен, мындан 30 жыл мурда жер көчкү жүрүү коркунучу пайда болгон аймактарда кооптуу абал түзүлүп, жер көчкүлөр уу калдыктары көмүлгөн жерлерди бузуп кетүү коркунучу жаралгандыгы жана ал жерде жашаган адамдарды башка жерлерге көчүрүү керектиги айтылган. Катта адамдарды көчүрүүгө каражат жана техникалык шаймандар жетишпей жаткандыгы кабарланган.