Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:48

Израил менен Палестинага жаңы тынчтык планы берилди


"Жол картасы " деп аталган планды Израилдин премьер-министрине АКШнын бул өлкөдөгү элчиси, Палестин автономиясынын кызматына жаңы эле киришкен туңгуч өкмөт башчысы Махмуд Аббаска АКШнын, БУУнун, Европа Биримдигинин , Орусиянын дипломаттары чогуу тапшырды. Тынчтык планын АКШ, БУУ, Орусия Европа Биримдиги биргелешип даярдаган. Маалыматтарга караганда, анда тезинен ок атышууну токтотуу, Палестинанын согушчан топторунун аракетин тыюу, жөөт аскерлерин палестин аймактарынан чыгаруу, жөөт тарабы 2001-жылдан бери палестин аймактарында негиздеген кыштактарды жоюу, үч жылдын ичинде Палестин мамлекетин түзүү каралган. Бүгүн таңга жуук Израилдин башкалаасы Тель-Авивде, түнкү клубдун имаратында палестин жанкечтиси жасаган жардырууда үч адам өлүп, 55 киши жаракат алган эле.Палестиндердин исламчыл "Хамас" уюму, "Рейтер" агенттигининин маалыматына караганда, жаңы тынчтык планын четке кагаарын, жөөттөргө каршы интифаданы уланта берээрин билдирди.

XS
SM
MD
LG