Бул тууралуу бүгүн АКШнын Багдадга келген коргоо министри Дональд Рамсфелд билдирди. Д.Рамсфелддин ирактыктарга багышталган телерадио кайрылуусу мурда Саддам Хусейнге караштуу болгон жана азыр АКШ аскерлеринин баш кеңсесине айланган президенттик сарайдан жаздырылды. Д.Рамсфелд Багдадда америкалык аскерлердин алдында да сөз сүйлөп, алар Иракты окуппациялоо үчүн эмес, боштондукка чыгаруу үчүн келгенин, Кошмо Штаттар Иракка өз өкмөтүн түзүүдө жардам бериши керектигин белгиледи:
- Биз ирактын калкы утурумдук, андан соң акыр аягында барып саясий эркиндикке, адам эркиндигине, мыйзамга негизделген эркин өкмөт түзүш үчүн стабилдүү жана коопсуз жагдайды камсыз кылышыбыз керек.
Ал Багдадда убактылуу америкалык администрациянын башчысы Жей Гарнер менен кездешип, Иракты калыбына келтирүүгө байланышкан маселелерди талкуулады.
Д.Рамсфелд - АКШ администрациясынын Саддам Хусейндин режими бийликтен кулатылгандан кийин Иракка келген эң жогорку даражалуу өкүлү.