Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:17

БИРИНЧИ МАЙ - КЫРГЫЗСТАНДА ЭМГЕК МАЙРАМЫ


1-май - Кыргызстанда мыйзам боюнча эмгек майрамы. Кыргызстандын солчул маанайдагы партиялары бул күндү мурдагыдай эле «Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү» деп белгилешти. Бишкек мэриясы болсо кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына жана Бишкек шаарынын 125 жылдыгына карата «Тынчтык жарышын» өткөрдү.

Кыргызстандагы эки коммунисттик партия менен «Атамекен» социалисттик партиясынын 200гө чукул мүчөсү 1-майды мурдагыдай эле «Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү» катары белгилеш үчүн адегенде Кыргыз драма театрынын алдына чогулушту. Ал жерден милиционерлердин коштоосу менен эски Өкмөт аянты аркылуу Эмен паркына келишип, революциянын каармандарына орнотулган эстеликке гүл коюшуп, чакан митинг өткөрүштү. Адегенде сөз алган Коммунисттик партиянын жетекчиси Апсамат Масалиев бул күндүн майрамдалып калышына өз укугу үчүн күрөшкөн америкалык жумушчулар менен полициянын 1889-жылкы кагылышы башкы себеп болгондугун эске салуу менен чогулгандарды куттуктады. Ал Кыргызстандын коммунисттерин 1-май майрамы менен Орусиянын Коммунисттик партиясы куттуктагандыгын кабарлап, Орусиядагы парламенттик шайлоо алдында Орусиянын коммунисттерин колдоого чакырды. Анын айтымында, мурун Советтер Союзунун курамына кирген өлкөлөрдүн коммунисттери Советтер Союзун кайра түзүүгө, тактап айтканда, анын түйүлдүгү болот деген кыязда Орусия–Беларусь союзуна кошулууга катуу киришип жатышат жана бул маселени кыргыз парламенти жакында карайт.

- Биз бул маселени жакында добушка коёбуз. Бул Союзга дароо кирүү дегенди билдирбейт. Эгер муну биздин палатанын депутаттары колдосо, маселени берки палатынын, президенттин, өкмөттүн кароосуна коебуз. Эгер алардын баары колдосо бирдиктүү Союзга киребиз. Бирдиктүү Союзга кирүү - бул мамлекетибизди азыркы кыйын кырдаалдан алып чыгуу. Албетте, мындай аракетке эл аралык коомчулук катуу каршы, -дейт Апсамат Масалиев.

Ал эми башка коммунисттик партиянын лидери Клара Ажыбекова «азыр бүт дүйнө жүзүндөгү эмгекчилер кыйын абалда турат, ага дүйнөдөгү бардык мамлекеттерге үстөмдүк саясатын жүргүзүп жаткан АКШ жана НАТОго кирген мамлекеттер күнөөлүү» деген оюн ушул жерде да кайталап, мурунку Советтер Союзуна кирген мамлекеттерди тезирээк биригүүгө чакырды:

- Бардык советтик адамдар, дүйнө атуулдары, эмгекчилер НАТОго кирген мамлекеттердин өтө куу, өтө кылдат, жаңы, неофашисттик саясатын жеңиш үчүн бардык күчтү бириктирүүгө тийиш.

«Атамекен» социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев болсо 1-май эң ириде эмгекчилердин өз тилектештигин билдирүү күнү экендигин белгиледи:

- Бүгүнкү күн - өз укугу үчүн күрөшүүнүн күнү. Бүгүн биз бул жерде «эмгекчи» деген аты бар адамдардын укугун коргоого тилектеш экендигибизди билдириш үчүн чогулдук. Анткени Кыргызстандын калкынын көбү жумушсуз. Иши барлардын да көбү банкирлердин, олигархтардын, алыпсатарлар менен далдалчылардын кол алдында жарыбаган тыйын үчүн жалданып иштеп атышат. Ошон үчүн биз өкмөт жана жумуш бергендер Эмгек кодексин так аткарышын, адам укугунун сакталышын талап кылабыз. Биз бүгүн ар бир эмгекчинин укугу үчүн күрөшө турганыбызды билдирип атабыз.

Партия өкүлдөрү чакан митингден соң Алатоо аянтын курчап турган милиционерлердин жетекчисинен уруксат алып, Лениндин аянттагы эстелигине гүл коюп тарашты.
Ал эми эки күн бою тынбай жааган жамгырга карабай, Бишкек мэриясы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына жана Бишкек шаарынын 125 жылдыгына карата уюштурган «Тынчтык жарышына» мектептердин, спорттук клубдардын, жогорку окуу жайларынын жана ардагерлердин 3 миңге чукул өкүлү катышты. Алар ар кандай аралыктарга чуркашып, мэриянын сыйлыктарын алышты. Жарыштын катышуучуларынын айтымында, аба ырайынын сууктугу буга тоскоол болгон жок. Ал тууралуу каратэ боюнча спорттук клубдун жетекчиси Владимир Бычков мындай деди:

- Спорт - бул тынчтык үчүн күрөш. Биз баары менен тилектешпиз. Ошон үчүн балдар, чоңдор болуп, бардыгыбыз чыгып чуркадык.

Жарыш болгон Алатоо аянтын 400дөй милиционер эч кимди өткөрбөй курчап турушту. Бирок алардын көбү аянтты кимден, эмнеден тосуп тургандыктарын түшүнүшпөгөнүн жашырышкан жок.

- Аны мен биле албайт экенмин. Бизде чоңдор бар го? Ошолордон сурасаңар, - деди атын айтпаган милиционер.

1-майда коммунистчил идеядагы партиялар да, бийлик да уюштурган иш-чаралар майрамдык маанай тартуулаган жок шекилдүү. Ал тууралуу карапайым калктын Алатоо аянтына келген өкүлү Нуржамал:

- Аба ырайына карабай келсек, бул жер аябай көңүлсүз экен, - деп нааразы болду.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG