Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Көрүнүктүү саясатчы Сакин Бегматованын үйүнө мемориалдык такта орнотулду


БИШКЕК. Бүгүн көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Сакин Бегматова жашаган үйгө мемориалдык такта орнотулду. Ага байланышкан салтанатка тышкы иштер министри Аскар Айтматов баштаган саясатчылар жана коомдук ишмерлер катышты.
Сакин Бегматова 1961-жылдан тартып 19 жыл бою өлкөнүн тышкы саясат тармагын башкарган. 1969-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун сессиясына СССРдин делегациясын жетектеп барган. Кыргыз дипломатиясын калыптоого сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик жогорку сыйлыктарга беш жолу татыктуу болгон. Сакин Бегматова быйыл 82 жашка чыкмак.

XS
SM
MD
LG