Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:49

«Арнамыс» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү изделүүдө


БИШКЕК. Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын тергөөчүсү Зоя Кожобекованын чакыруусуна байланыштуу, тергөөчүгө жолукканы үйүнөн кечээ кеткен «Арнамыс» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Тынчтыкбек Дулатовдун кайда экени белгисиз. Бул тууралуу бүгүн Дулатовдун жубайы Галина Дулатова жана «Арнамыс» партиясынын штаб башчысы Эмил Алиев кабарлашты. Алардын айтымында, Тынчтыкбек Дулатов 2-февраль күнү референдум учурунда киши уурдоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында суракка чакырылган. Оппозициялык партиянын өкүлдөрү бул ишти «саясий максатта козголгон» деп баалашууда. Ал эми тергөөчү Зоя Кожобекова бүгүн Дулатовдун кайда экендигин билбестигин, ал кечээ иш менен таанышуу үчүн чакырылып, бирок ички иштер башкармалыгына келбегенин билдирди.

XS
SM
MD
LG