Кыргызстанга иш сапары менен келген Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмундагы Болгариянын туруктуу өкүлү Иво Петровду, Норвегиянын элчиси Метте Конгхемди, Швециянын ЕККУдагы туруктуу өкүлү Кристер Брингеусту жана Франциянын туруктуу өкүлү Ив Дутриону бул күнү президент Аскар Акаев кабыл алды. Бул жолугушууда президент меймандарга Кыргызстандагы саясий жана экономикалык кырдаал, өлкөдө демократиялык процесстердин жүргүзүлүшү боюнча кеңири маалымат берди. Өлкө башчысы европалык өлкөлөрдүн ЕККУдагы элчилерине уюм тарабынан өлкөдөгү демократиялык реформаларды жүргүзүүдөгү көрсөтүлгөн колдоо үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. ЕККУдагы туруктуу өкүлдөрдүн Кыргызстанга келген иш сапарын президент жогору баалады.
- Бул сапарды Борбордук Азия регионунун, анын ичинде Кыргызстандын коопсуздугуна жана туруктуу өнүгүүсүнө Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун көңүл бургандыгы катары карайбыз, - деди Аскар Акаев.
Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмундагы Болгариянын туруктуу өкүлү Иво Петров Кыргызстанга келген делегациянын максаттарын мындайча түшүндүрдү:
- Биз, Венадан келген 5 элчи, беш өлкөнүн өкүлдөрү, Кыргызстандагы кырдаал менен жакындан таанышуу максатында келдик. Анткени биздин уккан-билгенибиз бир эсе, ал эми көзүбүз менен көргөнүбүз башка иш. ЕККУ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык эң ири программаларды камтыйт жана аларга чоң каражаттар каралган. Кыргызстанга келгенибиздин дагы бир себеби - ЕККУнун көңүлү Балкан өлкөлөрүнөн Борбордук Азия регионуна бурулуп жаткандыгына да байланыштуу. Анткени, ЕККУга мүчө болгон өлкөлөрдү камтыган региондордогу коопсуздук Борбордук Азиядагы коопсуздук менен да байланыштуу экендиги соңку мезгилде көп айтылып жатат.
Ал эми ЕККУнун долбоорлорунун эң ири донор-өлкөлөрүнүн бири болуп эсептелген Норвегиянын бул уюмдагы туруктуу өкүлү Метте Конгсхем айым: “Кыргызстандагы демократиялык жараяндардын өнүгүшү кандай болуп жатат?” - деген суроого төмөнкүдөй жооп берди:
- Менин пикиримде, Кыргызстан көптөн бери демократиялык жол менен өнүгүп жатат. Бул жол менен өнүккөн өлкөлөрдө дайыма кемчиликтер болот. Кыргызстанда саясий реформалар салыштырмалуу ийгиликтүү жүргүзүлүп келатат. Албетте, демократиялык жараяндар улантылып жатат. Ал эми Кыргызстан менен тыгыз кызматташтык жүргүзүп келген Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму өлкөдөгү демократиялык жараяндарды өнүктүрүү багытында мындан ары да көмөк көрсөтмөкчү.
Ал эми өлкөнүн жакында референдум аркылуу кабыл алынган жаңы Конституциясына байланыштуу Норвегиянын ЕККУдагы өкүлү мындайча пикирин билдирди:
- Өткөн жыл Кыргызстандын өнүгүшүндөгү өзгөчө жыл болду. Биз Венада бул кырдаалды кунт коюу менен байкап турдук. Менимче, акырында компромисстүү чечим кабыл алынып, Конституциялык Кеңеш түзүлдү. Жаңы Конституцияга ылайык азыр жаңы мыйзамдар иштелип чыгып, кабыл алынууда. Ага ылайык, 2005-жылы өлкөнүн жаңы парламенти да шайланат. ЕККУ бул шайлоонун демократиялуу жана акыйкат өтүшү боюнча байкоо жүргүзөт. Биз Кыргызстандын жаңы Конституциясы демократиялык жараяндардын мындан ары өнүгүшүнө шарт түзүп берет деп ишенебиз.
ЕККУдагы туруктуу өкүлдөр бул күнү Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев, вице-премьер-министр Курманбек Осмонов жана тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талантбек Кушчубеков менен да жолугушту. Жолугушууларда ЕККУ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, өлкөдө демократиялык институттардын мындан ары өнүгүшүнө шарт түзүү жана демократиялык жараяндарды улантуу боюнча пикир алмашуулар болду.
Болгариянын, Ирландиянын, Норвегиянын, Франциянын жана Швециянын ЕККУдагы туруктуу өкүлдөрүнүн иш сапары бейшембиде Ош жана Жалалабад облустарында улантылат. 3-майда элчилер Борбордук Азия регионуна болгон иш сапарынын алкагында Казакстанга жол тартышат.