Кечээ Грекияда башталган Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин жыйыны уланды. Министрлер Ирактагы абалды калыбына келтирүү боюнча АКШ жасаган сунушту талкуулап, ага макул болду. Американын планы боюнча, Ирак үч аймакка бөлүнүп, алардагы коопсуздукту АКШ, Улуу Британия жана Польша камсыз кылат жана ал үчүн Иракта эл аралык стабилдештирүү күчтөрү чогулууга тийиш. Ал күчтөрдүн курамына өз аскерлерин алты мамлекет (Болгария, Голландия, Дания, Испания, Италия жана Украина) жиберген. Алмания менен Франциянын министрлери ага нааразы болгон менен, планга кол койду.