Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

АДВОКАТ ГАЛИНА КАЙСАРОВА ООРУКАНАГА ТҮШТҮ


2-майда белгилүү адвокат Галина Кайсарова ден соолугу кескин начарлаганына байланыштуу республикалык кардиология институтуна жатты. Галина Кайсарованын жүрөк оорусунун козголушуна «юстиция министрлиги 6-майда анын адвокаттык ишин токтотуу маселесин карайт» деген кабар түрткү болгон. Айрымдар бул окуяда саясий боек бар деп, аны Галина Кайсарова менен кыргыз өкмөт башчысынын кеңешчиси Кубанычбек Исабековдун ортосундагы соттук араздашууга байланыштырышууда.

Адвокат Галина Кайсарова өкмөт башчынын кеңешчиси Кубанычбек Исабеков менен коргоо министрлигинин башкармалыгынын кызматкеринин ортосунда мындан 2,5 жыл мурда болгон соттун жүрүшүндө айткан сөзү үчүн шектүү саналып, соттон-сотко сүйрөлүп келет.

2001-жылдын 5-сентябрында өткөн сот жараяны учурунда Галина Кайсарова адвокат катары Кубанычбек Исабековго биртоп суроолорду берип келип, «ким алдамчы?» деген суроону да узатат. Бул сөз үчүн өкмөт башчынын кеңешчиси Кубанычбек Исабеков сотко эки арыз менен кайрылып, анын биринде «адамдык намыс-беделиме шек келтирди» деп, экинчисинде «мага жалаа жаап, кордоду» деп, Галина Кайсаровадан 500 миң сом айыппул талап кылган. Галина Кайсарова: ”Мен ал сөздү Кубанычбек Исабековго эмес, сотто өзүм таламын талашып жаткан кишиге карата айткамын”, - дейт.

Сот жараяны азырынча бир чечимге келе электигине карабай, 6-майда юстиция министрлиги Галина Кайсарованын адвокаттык ишин токтотуу маселесин кароону болжойт. Муну уккан 2-май күнү эле Галина Кайсарова республикалык кардиология институтуна жатып калган. «Азаттыктын» кабарчысына Галина Кайсарованын бүгүн ооруканадан берген маегине караганда, юстиция министрлиги сот кандайдыр бир чечим кабыл алганга чейин адвокаттык ишти токтотуу же токтотпоо тууралуу маселени көтөргөнү мыйзамга туура келбейт.

- Сот иши дагы эле созулуп келатат. «Адвокаттык ишмердүүлүк жөнүндө» мыйзамдын 16-беренесине ылайык адвокат сот жараяны учурунда айткан сөзү үчүн кылмыш жообуна тартылбайт. Бирок Свердлов райондук сотунун судьясы Гүлзамира Аденова Кыргызстандын мыйзамдарын жана эларалык нормаларды бузуп, Кубанычбек Исабековдун арызын кабыл алып, мага карата кылмыш ишин козгоду, - дейт Галина Кайсарова.

Анын кошумчалаганына караганда, аталган мыйзамга ылайык адвокатты кылмыш жообуна тартуу үчүн башкы прокурордун уруксаты алынууга тийиш.

- Менин үстүмөн жүрүп жаткан сот иши бир чечимге келе элек жатса, юстиция министрлигинин менин адвокаттык ишимди токтотуу маселесин көтөргөнү мыйзамга туура келбейт. Анткени, сот мени кылмышкер же кылмышкер эмес деген чечимин чыгара элек, - дейт Галина Кайсарова.

2-майда «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму билдирүү менен чыкты. Галина Кайсарованын айланасындагы акыркы окуяларды аталган бейөкмөт уюм Кыргызстандагы демократияны жана адам укугун коргоону максат кылган көрүнүктүү лидерлерге бийликтин жасап жаткан кысымынын уландысы катары баалады. Билдирүүдө ошондой эле, эгер бийлик адвокатты куугунтуктоону токтотпосо, Галина Кайсарованы таанып-билген адвокаттардын баары бир күндүк иш таштоо акциясын уюштураары айтылган.

Белгилүү адвокат Юрий Максимов Галина Кайсарованын адвокаттык ишмердүүлүгүн токтотууга бийлик тарабынан кимдир бирөө катуу кызыкдар болуп жаткандай дейт:

- Менин оюмча, юстиция министрлигине жогорудан кимдир-бирөө бул маселени карагыла деп кысым жасап жаткандай. Болбосо юстиция министрлигинде деле соттун чечими чыкмайынча адвокаттын ишин токтотуп коюуга мыйзам жол бербестигин жакшы түшүнүшөт. Ошондуктан Кайсарованы коомчулук коргоого алышы керек.

Адвокат Юрий Максимов жана «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму белгиленгендей, Галина Кайсарованын айланасында чындыгында эле саясий оюндар болуп жаткандай. Анткени ал адвокат катары карапайым адамдарды жана оппозициялык маанайдагы саясатчыларды коргоп келген.

Жогорку Кеңештин депутаты, генерал Исмаил Исаков адвокаттар да азыр саясатчылар сыяктуу эле экиге бөлүнүп калгандыгын, Кайсаровага байланыштуу акыркы окуялар анын тутунган көз карашына байланыштуу болуп жатканын белгиледи.

- Бул жерде саясий куугунтук бар деп ойлойм. Себеби, чындыкты коргойм деген кишини эле бийлик жалгыздап сындырмайга өттү. Кайсарованын соттун жүрүшүндө айткан сөзү үчүн кылмышкерге теңеп, иш козгоп, анын артынан түшүп алышты.

Айтмакчы, Кубанычбек Исабеков менен коргоо министрлигинин кызматкеринин ортосундагы сот жараянына Исмаил Исаковду да аралаштыруу аракеттери болуп, генерал-депутатты сотко көрсөтмө берүүгө кайра-кайра чакырышкан.

XS
SM
MD
LG