Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

OРУС-АМЕРИКАЛЫК ЭКИПАЖ КАЗАКСТАНГА АМАН-ЭСЕН КЕЛИП КОНДУ


Февраль айында америкалык космос кемеси кыйрап калгандан кийин космосто калууга мажбур болгон орус-америкалык экипаж ушул жекшембиде Жерге аман келип конду. Учуу багытынан 400 чакырымга кыйгап кетип, радио байланышы үзүлүп калган "Союз" капсулу Казакстандын түндүк-батышынан эки саат дегенде табылды. Үч кишиден турган экипаждын абалы жакшы экендиги кабарланууда.

Эки америкалык астронавт, бир орус космонавты отурган космос кемеси казактын учу-кыйырсыз талаасында эки саатка дайынсыз жоголуп табылганда АКШнын НАСА космос агенттигинин Хьюстондогу штаб-квартирасынан буларды билдиришти.

- Бул - Хьюстондогу учууну көзөмөлдөө борбору. Космос чөлмөгү Жерге конгону бышыкталды. Алтынчы "Союз" экспедициясы 162 күн космосто болуп, аман-эсен кайтып келди.

Ишембиде америкалык астронавт Кеннет Бауэрсокс Жер орбитасында турган Эл аралык космос бекетин жаңы келген экипаждын жетекчиси Юрий Маленченкого өткөрүп берген эле. Бауэрсокстун экипажын алмаштырган эки кишилик командада америкалык астронавт Эдвард Лу дагы бар. Бауэрсокс бекеттин жаңы кожоюндарын бул сөздөр менен каршы алды:

- Эдвард, Юрий, силер Жер планетасынан келген эң бактылуу адамсыңар. Келерки алты айда силер мына ушул алманчоктой кеменин ичинде жашайсыңар. Жакшылык болсун, силердин экспедиция биздикиндей ийгиликтүү өтөт деп ишенем.

Бауэрсокстун жылуу сөздөрүнө Маленченко мындайча жооп кайтарды:

- Эл аралык космос бекетине келгениме абдан бактылуумун, буга мен абдан сыймыктанам. Ушул мүмкүнчүлүккө шарт түзгөндөрдүн баарына ыраазычылык билдирем. Сокс, жетекчиликти өткөрүп бергениңе ырахмат. Бекеттин абалы абдан жакшы экен, ушул бойдон калат.

Бекеттин жаңы тургундары менен кош айтышкан Бауэрсоск, Дональс Петит жана Николай Бударин "Союз" кемесине отуруп, Жерге карай бет алышты. Бирок кеме атмосферага киргенден кийин, алар менен радио байланыш үзүлүп калды. Кеме пландалган жерге жетпей, дайынсыз жоголду. Эки ай мурда жети кишилик "Колумбия" чөлмөгү кыйрагандан кийин, космосто пландагыдан эки ай ашык калган экипаж, көрсө, күтүлгөн жерге 400 чакырым жетпей Жерге түшүптүр.

Тикучма, чакан учактар менен издөө салган орусиялык куткаруучулар экипажды Арал деңизинен түндүктө, аппараттан чыгып алып, кайкып учуп жүргөн учактарга кол булгалап турган жеринен табышты.

Ошону менен, февралдагы "Колумбия" кырсыгынан кийин биринчи жолу адам баласы космостон Жерге кайтып келди. Ошондой эле америкалык астронавттар биринчи жолу башка өлкөнүн аймагына конушту. Алар адатта "Союзга" караганда кең-кесири келген чакан кеме менен океанга конушат. Мурдатан орусиялык "кеме" менен киши кондуруп көрбөгөндүктөн, НАСА хирург жана башка адистерди, жүрөктүн иштешин текшерүүчү аппарат жана башка жабдыктарды жиберген эле. Европадагы бир нече ири оорукана астронавттарды кабыл алуу даяр турушкан.

"Колумбия" чөлмөгүнүн кырсыгынан кийин, америкалык космос кемелери убактылуу учпай калышты. Ушуга байланыштуу эл аралык космос бекетиндеги учкучтардын санын үчтөн эки кишиге кыскартууга туура келди. Баары ойдогудай жүрсө, жаңы экипаж алты ай орбитада болот.

Жекшембидеги конуу космос бекетинин келечеги үчүн гана эмес, Орусиянын каражаттан каржалган космос программасы үчүн да чоң мааниге ээ. Жылыга дээрлик 15 миллиард доллар сарптаган америкалык космос агенттигинен айырмаланып, орусиялык космос изилдөөчүлөр жарыбаган бюжет менен иштешет. Ошого карабастан, америкалык космос кемелери учууга уруксат алганга чейин, космос бекетинин ишин камсыз кылуу бүт бойдон орустардын мойнуна жүктөлүүдө.
XS
SM
MD
LG