Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:19

Саддамдын тагдыры кимге “сабак” болот?


АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелддин айтымында, ал Кошмо Штаттарынын Саддам Хусейндин өкмөтүн ыкчам жеңүүсү, терроризм менен байланышы бар башка өлкөлөр үчүн “күчтүү эскертүү” болот деген ойдо.
Рамсфелд ошондой эле Саддамдын массалык кыргын салчу куралдары табылат деген үмүттө экенин билдирди.
Ишемби күнү АКШ президенти Жорж Буш да Иракта азезил куралдар табыларына ишенерин айткан.
Польшанын коргоо министри Ежи Шмайдзинскинин билдиргенине караганда, Ирак мурда айтылгандай үч аймакка эмес, төрт аскерий аймакка бөлүнүп, Польша түндүк же болбосо Багдад менен Басра шаарларынын ортосундагы ортолук түштүк секторун жетектөөсү мүмкүн.
Жекшемби күнү эртең менен Польшанын президенти Александр Квасьневски анын өлкөсү Ирактын түндүгүндөгү көп улуттуу тынчтык күчтөрүн жетектейт деп билдирген.
Иракты калыбына келтирүү иштерин жетектөөчү АКШлык администратор Жей Гарнер жекшемби күнү Багдадда Күртыстан демократтык партиясынын төрагасы Масуд Барзани менен кездешип, Ирактын келечек түзүлүшү боюнча пикир алмашты.
АКШлык ырасмий булактардын маалымдашынча, Ирактын мунай министрлигин башкаруу боюнча менеджерлердин жаңы тобу тандалууда. Менежерлер тобу министрликти Ирактын жаңы өкмөтү түзүлгөнчө жетектейт.

XS
SM
MD
LG