“Бардык нерсенин эсеби болушу керек”, деп белгилейт Абдыкерим Муратов “Заман Кыргызстан” апталыгында жарыяланган “Жумушсуздук” деген макаласында. Иш менен камсыздоо мамлекеттик департаментинин маалыматы боюнча, 158 миңге жакын киши жумушсуз деп катталган. Алардын 89 миңге жакыны жумушсуздар катары каттоодо турушат. Орто эсеп менен алганда, бир жумуш ордуна 28 адам талапкер. Автордун маалыматына ынансак, ушу тапта ишке жарамдуу калктын 8% ашууну ишсиз. Ушул эле гезитте жарыяланган макаласында Ош мамлекеттик университетинин ректору Бектемир Мурзубраимов мамлекеттүлүк жылына арналып өткөрүлгөн студент жаштардын эл аралык форумунун катышуучулары президент А.Акаевди колдой тургандыгын билдирген кайрылуу кабыл алышканына токтолгон. “Кыргызстандагы элдердин келечеги үчүн президент А.Акаевдин саясатын жүргүзүп жаткан реформалардын тууралыгын айтышып, президентти бардык тараптан колдошо тургандыгын билдиришип, кайрылуу кабыл алышты”,- деп жазат автор.
Мына ошо кайрылуунун маани-мазмуну 6-майдагы “Агым” гезитиндеги Баратбай Аракеевдин “Түбүң түшкөн түбөлүк мөөнөт” деген макаласында чечмеленген. Б.Аракеевдин пикиринде, “бийликтин билермандары ансыз деле ашык мөөнөт өтөп “кыйналып” турган президентти эми дагы бир мөөнөт же түбөлүк мөөнөткө “эл үчүн, элдин бакты-таалайы үчүн» отуруп берүүсүн сурап жалынган орчун опсуз кампанияны баштоонун алдында турат». Жаштардын үндөөсүнүн артында мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов менен академик Аскар Какеев турганын белгилей келип, макала автору мындай бүтүмүн ортого жаят: “Акаевдин президенттиги да бүтөт бир күн, бирок анын жакшы аяктаганы жакшы... өлкөбүздүн жаркыраган келечеги көрүнбөйт. Кескин өзгөрүү, тазалануу керек. Аны жасоо азыркы президентибиздин колунан келбей калганы элдир-селдир эси бардын баарына айкын”.
Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш көбүнесе сөз жүзүндө болуп келатканы, коррупциячы деп аталгандардын алды элчи болуп, калганы жооптуу кызматтарда иштеп жүрүшкөнү Алым Токтомушевдин “Карма, ууруну, кармалап ууру жүрөт” деген макаласында баяндалган. Басылмада Б.М.Шапиро, Л.Н.Башмакова, Г.У.Курманованын “Жашоонун сергек мүнөзү» деген окуу китеби тууралуу Баратбай Аракеевдин сын макаласы да жарыяланган. “Китептеги “Кош бойлуулук”, “Үй-бүлөнү ырааттоо», «Коопсуздук секс», «Сексуалдык асылуу жана зордук» сыяктуу бөлүмдөрдү соо адам балдар-кыздарга айтып бере албайт»,- деп жазат автор.
Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл өкмөтүндөгү 300 гектир жер америкалык аскер-аба базасына ижарага берилгенин, андан жыл сайын 5,5 миллион сом ижара акысы казынага түшүп тураарын шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити кабарлады. Учурда америкалык аскерлер жаңы жерди өздөштүрүүгө киришти. Аймакты аскердик жайга айлантууга 60 миллион доллар жумшалат. Басылманын маалымдоосу боюнча, ушул жылдын июлунда Кант шаарында орусиялык аскер-аба күчтөрүнүн сокку уруучу тобу жайгашчу база ачылат. Баткендеги кыргыз-өзбек чек арасында Өзбекстан койгон минага жарылып каза тапкан Саттардын үй-бүлөсү оор абалда калганы Эльза Кимдин макаласында баяндалат. “Колун караган 6 баланы багуу түйшүгү башына түшкөн Патила Шамшиева болгону 306 сом жөлөк пул алат. Балдары менен талаадан шыбак терип, ал өлбөстүн күнүн кечирүүдө”, деп маалымдайт Эльза Ким.