Кошмо штаттарынын маалымдашынча, Ирактын өткөөл өкмөтү эрте дегенде үстүбүздөгү айдын орто ченинде түзүлөт.
Ирактын АКШлык администратору Жей Гарнердин айтымында, убактылуу кеңешке таанымал тогуз инсан, анын ичинде шийиттер, сунниттер, күрттөр, тарсалар жана сүргүндөн кайтып келген ирактыктар кириши мүмкүн.
Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл Ирактагы жаңы өкмөттү сүргүндөн кайтып келген ирактыктардан жана өлкөдөн кетпей жашаган жарандардан түзүүнү АКШ эң туура чечим деп санаарын билдирди:
- Ирактын ушу тапта түзүлүп жаткан жаңы өкмөтү - Ирактын убактылуу бийлиги өлкөдөн сырт жакта болгон, бирок Ирактын боштондугуна өмүрүн арнаган адамдардын тажрыйбасына жана ишке берилгендигине, ошондой эле өлкөнү ичтен таанып-билген адамдардын билимине таянат деген үмүттөбүз. Биз мындай өкмөттү түзүүнү эң мыкты чечим деп ойлойбуз.
Мамдепартаменттин билдиришинче, Иракты реконструкциялоонун жана Ирактын жаңы өкмөтүн түзүү пландары Пауэллдин жума күнү башталчу визити учурундагы кездешүүлөрдө талкууланат. Пауэлл Иордания, Мисир, Сауд Арабиясы, Россия, Болгария жана Германияга барат деп болжолдонууда.