Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:10

«Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын Жалалабад облустук бөлүмү жыйын өткөрдү


ЖАЛАЛАБАД. Комитеттин бүгүнкү чогулушунда № 33-Каракулжа шайлоо округундагы шайлоочулардын укугун коргоо маселеси талкууланды. Жыйындагылар, Үсөн Сыдыковду жактаган шайлоочулардын укугун бийликтегилер эске албагандыгына нааразы болушту. Шайлоо округунда «Кыргызстан - адам укугун урматтаган өлкө» деген ураанга төп келбеген иштер жасалып жаткандыгы, бийлик мыйзамдуу деп эсептеген иштер менен өз аброюн өзү кетирип жаткандыгы айтылды. «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын Жалалабад облустук комитетинин мүчөлөрү Ү.Сыдыковдун тарапкерлерин колдошоорун, керек учурда жардам беришээрин маалымдашты.

XS
SM
MD
LG