Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:29

ДҮЙНӨ МАМЛЕКЕТТЕРИНДЕГИ БАСМА СӨЗДҮН АБАЛЫ


Нарын АЙЫП, Прага 3-майда белгиленген Дүйнөлүк басма сөз эркинди күнү алдында АКШда жайгашкан "Фриидом Хаус" аттуу адам укуктарын коргогон уюм дүйнө мамлекеттериндеги басма сөз эркиндиги боюнча кезектеги отчет жарыялады. Мурдагы советтик 15 жумурияттын ичинен Балтик жээгиндеги үч өлкө гана анда эркин деп таанылган, Грузия менен Молдова жарым эркин, ал эми калган 10 жумурият, алардын ичинде Кыргызстан дагы - басма сөзү эркин эмес өлкөлөр деп аталган.

"Фриидом хаустун" эксперттери дүйнөнүн 193 өлкөсүндөгү абалды териштирип, алардагы басма сөзгө каршы мыйзамдар менен саясий жана экономикалык басымдын деңгээлин талдап чыгып, ар бир өлкөгө андай басымга жараша упай берген. Эң аз упай алган өлкөлөр эркин, эң көп упай чогулткандар эркин эмес деп аталган. Мүмкүн болгон 100 упайдын 96, 95 жана 94 упайын чогулткан Түндүк Корея, Ирак жана Куба - басма сөзү эң катуу басмырланган өлкөлөр болуп чыккан. Жаңы Зеландия менен Исландия сегизден гана упай алып, дүйнөдөгү эң эркин мамлекеттер деп аталган. Алардан кийинки эркин өлкөлөр - тогуз упайдан алган Монако менен Норвегия.

Жалпысынан алганда, 2002-жылы басма сөз эркиндиги дүйнөдө кыскарды жана 2001-жылга караганда, абал бир кыйла начар. Азыр дүйнөнүн 78 өлкөсү гана эркин; 47 өлкөдөгү басма сөз жарым-жартылай эркин, ал эми 68 өлкөдө басма сөз эркин эмес. Дүйнө калкынын 20 гана пайызы эркин өлкөлөрдө жашайт, ал эми 42 пайыз эл - эркин эмес өлкөлөрдүн тургундары.

Өткөн жылы эки гана мамлекет - Шри Ланка менен Фижидеги абал жакшырган. Шри Ланка эркин эмес өлкөлөр тобунан жарым эркиндерге өткөн, ал эми Фижи жарым эркин өлкөлөрдөн эркин мамлекеттер дин катарына кошулган. Бирок 11 өлкөдө - Армения, Венесуэла, Доминика, Йордания, Колумбия, Непал, Орусия, Панама, Перу, Тайланд жана Украинадагы абал мурдагыга караганда начарлаган.

СССРдин курамына мурда кирген үч гана жумурият отчетто эркин деп аталган - Эстонияга 17, ал эми Латвия менен Литвага 18-ден упай берилген жана алардагы абал Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндөгүгө окшош. Грузия менен Молдова 54 жана 59 упай алып, басма сөзү жарым эркин мамлекеттер тобуна кошулган. Калган мурдагы советтик жумурияттар эркин эмес болуп чыккан. 1990-жылдардын башында Кыргызстан "Фриидом хаустун" отчетторунда жарым эркин болуп аталып келген, бирок өлкөдөгү басма сөз басмырлана баштаганда, ылдам эле эркин эмес өлкөлөр катарына кошулган.

Мурдагы советтик жумурияттар арасында басма сөз эркиндиги боюнча 6-орунга Армения коюлган, ага эксперттер 65 упай берген. 66 упай менен Орусия 7-орунга, 67 упай алган Украина 8-орунга коюлган. Кыргызстан 2002-жылда 71 упай алып, Украинадан кийинки 9-орунга, Азербайжан менен Казакстанга 73төн упай берилген, ал эми Тажикстан 76 упай менен 12-орунга коюлган. Мурдагы советтик жумурияттардын ичинен басма сөзү эң басмырланган өлкөлөр деп Беларус, Өзбекстан жана Түркмөнстан аталган; аларга 82, 86 жана 92 упай берилген. Ошентип Түркмөнстан эң катаал өлкөлөрдүн бири - Кубадан эки гана упай кем алган.

Отчеттогу Кыргызстанга арналган бапта - өлкөдөгү басма сөз абалы мурдагыга караганда дагы начарлады деп айтылат. Конституциянын 15- жана 16-беренелеринде басма сөз эркиндигин камсыз кылган сөздөргө карабай, өкмөт көз карандысыз гезит жана журналисттерге карата мамилесин ого бетер катуулантты. Президент Аскар Акаевдин администрациясы болсо улам барган сайын сын көтөрбөгөн бийликке айланууда, - деп айтылат отчетто.
XS
SM
MD
LG