Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:18

ЕВРОПА БИРИМДИГИ ЖАҢЫ ВИРУСТАН ЖАЛКЫЙ ЭЛЕК


Европа Биримдигинин саламаттыкты сактоо министрлери ушул аптада Брюсселде чогулуп, өнөгөсүз өпкө оорусунан коргонуу чараларын талкуулашты. Европалык министрлер кооптуу дарттын жайылып баратканына байланыштуу терең тынчсыздануу билдиргени менен, Евробиримдиктин алкагында чек араларды бекемдөө, аларда атайын медициналык көзөмөл орнотуу жана жугуштуу ооруларды алдын-алуу менен алектене турган орток мекеме түзүү маселелеринде бир пикирге келе албай тарашты.

Дүйнө коомчулугунун тынчын ала баштаган өнөгөсүз өпкө илдетинен коргонуу чараларын талкуулаш үчүн Брюсселде Европа Биримдигине мүчө 15 өлкөнүн жана ага кирүүгө камданып жаткан 10 мамлекеттин министрлери чогулушту. Жыйынды ачкан сөзүндө учурда Евробиримдикке төрага өлкө - Грециянын саламаттыкты сактоо министри Костас Стефанис адамдардын дем алуу органдарын жабыркатчу жаңы вирус – олуттуу коркунучка айланганын белгилеп, анын жайылышына каршы чечкиндүү чараларды кабыл алуу зарыл экенине басым жасады. Анткен менен, талкуу учурунда Европа Биримдигинин министрлери өз өлкөсүндө жугуштуу оорунун жайылышына каршы коюлган бөгөттөр жөнүндө баяндап, азырынча Европанын бирдиктүү Эпидемиологиялык борборун ачуу маселесин макулдаша алышкан жок. Андан сырткары министрлер Европага саякаттап, же башка иш менен барган чет мамлекеттердин жарандарынын ден-соолугун чек арада текшерүү боюнча орток чараларды да жактырышкан жок. Жыйындын соңунда Евросоюздун саламаттык боюнча комиссары Дэвид Бөрни билдиргендей, Биримдикке кирген өлкөлөр коопсуздук кызыкчылыктарына жамынган андай жасалма кадамдардан азырынча кармана турууну туура табышты:

- Жыйында чек арада кылдат текшерүү, кооптуу вирус жайылган аймактардан келген адамдарга айрыкча көңүл бөлүү, ошондой эле аэропорттор менен деңиз портторунда атайын медициналык көзөмөл пункттарын орнотуу жөнүндө сунуштар айтылды. Бирок, европалык министрлердин көбү ансыз да өнөгөсүз өпкө дарты тамыр жайган тараптардан келгендер чек арада текшерилип жатканын айтып, азырынча ушундай чаралар жетиштүү деген пикирге токтолушту. Албетте, бул чаралар дагы бекемделет, ошентсе да чуу көтөрүп, бардык чет элдиктердин саламаттыгын текшерүү – коопсуздукка жамынган жасалма аракеттерге айланышы мүмкүн.

Дэвид Бөрни өзү медик болгондуктан, чек арадагы текшерүү учурунда ооруну жаңыдан жуктурган чет өлкөлүк саякатчыдан өзгөчө вирустун эч кандай белгилери табылбашы мүмкүн экенин, бирок кийинчерээк ал толтурган кагаздар боюнча Европа Биримдигинин аймагында оорулуунун дарегин, кайсы жерлерде болгонун аныктап алса болот деп кошумчалай кетти.


Брюсселдеги жыйында айтылгандай, азырынча Евробиримдиктин аймагында бир да адам дабасыз өпкө оорусунан каза таба элек. Бир гана киши SARS вирусун чет өлкөдөн жуктуруп келгени аныкталып, ооруканага жаткырылган. Министрлер жыйында ызы-чууга берилип, чек араларда катаал көзөмөл чаралары киргизилсе, Кытай жана башка кооптуу аймактар туш болгон туризм кризиси башталарын эскертишти. Айрыкча экономикасы чет элдик туристтердин агымына көз каранды Греция өңдүү мамлекеттердин өкүлдөрү коргонуу чаралары коркунучтун деңгээлинен ашпашы керек, ашыкча далбастоо зыяндан башка пайда алып келбейт деген пикирлерин айтышты. Брюсселдеги жыйында азырынча министрлер Евробиримдиктин Жугуштуу ооруларды алдын-алуу жана көзөмөлдөө борбору боюнча да бир беткей көз карашта эмес экени маалым болду. Америка Кошмо Штаттарынын Атлантадагы атайын борборуна аты уйкаш европалык медициналык орток мекеме түзүлөөр-түзүлбөсү эми министрлердин июндагы жыйынында аныкталмакчы. Европа Биримдиги калбаат мамиле жасаган өнөгөсүз өпкө дарты ал тапта арышын кеңейтип, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнө жүзүндө бул оорудан көз жумгандардын саны 500гө жеткенин билдирди. Ошондой эле жугуштуу оорунун очокторунун бири саналган Гонконгдо окумуштуулар изилдөө жүргүзүп, SARS вирусуна чалдыккандардын 15 пайызына жакыны өлүмгө учураарын, ал эми улгайган адамдар арасында бул кайгылуу көрсөткүч 50 пайызды түзөөрүн маалымдашты.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG