Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:26

Каракулжа районундагы Олжотай кыштагында көчкү жүрдү

ОШ. Сарыбулак айыл өкмөтүнө караштуу Олжотай кыштакчасында кечээ жер көчүп, 3 үйдү басып калды. Көчкү күндүз болгондуктан, үй ээлери чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн. Көчкү дагы 30 үйгө коркунуч келтиргендиктен, анда жашагандар толук көчүрүлдү. Бүгүн болсо үй-жайынан ажырагандарга Каракулжа районунун мамлекеттик акимчилиги азык-түлүк, зарыл буюм-тайымдарды жеткирди. Облустук мамлекеттик акимчилик, Экология жана чукул кырдаалдар министрлиги окуя болгон жерге тиешелүү адистерди, техника жиберүүдө.
XS
SM
MD
LG