Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:26

Делиде америкалык-индиялык сүйлөшүүлөр аяктады


Кечээ АКШнын мамлекеттик катчысынын орунбасары Ричард Армитиж Ооганстандан Индияга келген эле. Америкалык дипломат андан мурда Пакистанда болуп, Кашмир проблемасын жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Делиде ал бул маселени Индиянын премьер-министри Атал Бихари Важпаи жана башка ырасмий өкүлдөр менен талкуулады. Өткөн апталарда Исламабад менен Дели былтыр үзүлгөн дипломатиялык алакаларын кайра улаганга ыкылас билдиришкен эле. Бирок өз ара атомдук арсеналдарын кыскартуу жөнүндө Пакистандын сунушун Индия кабыл алган жок.

XS
SM
MD
LG