Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

АКШ ООНдун коопсуздук кеңешине Иракка байланыштуу жаңы резолюциянын долбоорун сунуш кылды


Анда Иракты санкциялардан сакыт кылуунун жолдору каралган. Документ Британия жана Испания менен макулдашып иштелип чыккан. Долбоордо камтылган маселелерди комментариялап, Германиянын ООНдогу элчиси Гюнтер Плойгер түпкүлүгүндө Иракка каршы киргизилген санкциялардын эми кажети калбагандыгын ырастады. Ошол эле учурда ал документте бир топ күмөн-күдүк санаткан жагдайлар бар экенин көрсөттү. Бул жагынан немец элчиси экономикалык кайра курууларга, Ирак мунайына байланышкан айрым сунуштарды атап өттү. Ал эми Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вилпен ырасмий Париж резолюциянын долбоорун конструктивдүү мүнөздө талкуулап чыкканга даяр экендигин бышыктады, бирок Ирактагы кайра куруу иштеринде ООН башкы ролду ойноого тийиш деп билдирди.

XS
SM
MD
LG