Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:58

«Аккеме-Пинаранын» мурдагы президенти Жогорку Сотко кайрылды


БИШКЕК. «Пинара» мейманканасынын мурдагы президенти Руслан Сарымсаков Бишкек шаардык арбитраждык сотунун судьясы Г. Борончиеванын 2003-жылдын 2-апрелинде чыгарган чечимин жокко чыгарып берүү арызы менен Жогорку Сотко кайрылды. Бишкек арбитраждык соту ал чечими менен Руслан Сарымсаков жетектеген «Аккеме» акционердик коомун «туура банкрот болгон» деп жыйынтык чыгарган. Руслан Сарымсаковдун айтымында, Бишкек арбитраждык сотунун жараяны маалында Түркиядан алынган карызды жабуу максатында «Аккеме» фирмасы 1 миллион 176 миң долларды Финансы министрлигине которуп бергенин тастыктаган документтерди карабай туруп, сот бир жактуу чечим чыгарган. Финансы министрлиги болсо, ««Аккеме» фирмасы болгону 200 миң доллар гана төлөгөн жана фирма туура банкрот болгон» деп эсептеп келатат.
2002-жылдын 17-декабрында Конституциялык Сот өзүнүн чечими менен Жогорку Арбитраждык Соттун 1998-жылдын 10-декабрындагы «Аккеме» акционердик коомун банкрот деп жарыялаган токтомун «туура эмес» деп тапкан болчу. Кыргызстан тараптан мейманкананы курууга катышкан «Аккеме» фирмасы Конституциялык Соттун бул чечиминен кийин мейманкананын кожоюндарынын бири болууга толук укук алган. Бишкек арбитраждык соту 2003-жылдын 2-апрелиндеги чечими менен «Аккеме» фирмасын ошондой укуктан ажыратып отурат.

XS
SM
MD
LG