Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:30

«АЛГАЛЫК» ДЫЙКАНДАРДЫН ПИКТЕТИ


Жергиликтүү бийлик дыйкандардын жер жана мүлк үлүштөрүнө байланышкан укуктарын тепсеп жатат. Ушундай доомат менен Чүй облусундагы Ысыката районунун «Алга» бириккен дыйкан чарбасынын дыйкандары 12-майда башкалаага келишип, Кыргыз парламентинин алдында пикет өткөрүштү.

Парламент алдында өткөн нааразылык акциясына Ысыката районундагы «Алга» кошмо дыйкан чарбасынын 60тан ашык өкүлү чыкты. «Коррупция качан токтойт», «Фермерлерди соттогонду токтотушсун» деген өңдүү талаптар жазылган кагаздарды колдоруна кармаган дыйкандар негизинен жер үлүштөрүнө жана мүлк пайларына карата жергиликтүү бийликтин калыс эмес мамилесин сынга алышты. Жакырчылыкка белчеден батып, ишин илгерилете албай жаткандыгы үчүн Бириккен дыйкан чарбанын башчысы Станислав Айдарбеков менен мурдагы аким Геннадий Давиденкону айыпташты. Пикетчилердин бири Салтанат Раимкулова жагдайды минтип түшүндүрдү:

- Колхоз чачылып-бөлүнгөндө техниканын баары ортодо калган. Малдын баары калган. 1996-жылы ошол мүлк пайынан анча-мынча пайызын берди. Аны да 1994-1995-жылкы төлдүн эсебинен берип койду. Жер бөлүштүрүүгө келгенде деле социалдык абалды кароо деген эч жок. Мен маселен, жесир аялмын. Он төрт жыл болду. Беш балам, кайненем калды. Жер бербейт. Эптеп ыйлап-сыктап атып араң алдым.

Жергиликтүү бийликтин өз көмөчүнө күл тартуучулук мамилеси дыйкандардын жер иштетүү аркылуу турмуш-тиричилик оңдоо далалатына тоскоол болуп жатат. Бириккен дыйкан чарба «жем акырга» айланды. Бул өз кезегинде дыйкандарды жакырчылыктан чыгарбай эле тескерисинче, жардылыктын сазына батырууда. Мына ушул өңдүү пикирлери менен бөлүшкөн пикетчилердин бири, 25 жыл чарбада бухгалетр болуп иштеген Бурулбүбү Токтоналиева:

- Жерди жөндөп иштетете албай атабыз. Жөн эле кыйнап атат. Ортодо калган техникадан пайдалана албайбыз. Алсаң ал, албасаң жок деп рынок баасынан жогорку баада берип коёт. Баарыбызды карызга илди болушунча. Үлүшүбүздү алалбайбыз. Жүрөбүз, - деди.

- Бөлүнүп алып, анча-мынча тың иштеп жаткан фермерлерди соттотуп атат,- дейт Алтын Конокбаева,- Мына төртүнчү жыл өттү, арбитраждык сот соттоп бүтө албай, Айдарбеков деген неме улам бир «чоңдорун» алып барып атып, эми Бишкек шаардык арбитраждык сотуна которуптур, соттор калбай калгансып.

«Алга» чарбасынан бөлүнүп чыккан фермердик чарбалардын өкүлдөрү журналисттерге парламенттин алдына чатак чыгарыш үчүн эмес, акыркы арга издеп келишкенин айтышты. Фермердик чарбаларга бөлүнүү жараянындагы мыйзамсыз аракеттерди теске салып берүүнү суранып буга чейин дыйкандар бириккен дыйкан чарбасынын башчысынан тарта эсептөө палатасына чейинки инстанцияга кайрылып, бирок, тыянак чыгара алышкан эмес.

Пикетчилер парламент алдына жалпысынан жети талап менен келишти. Алар 1996-2003-жылдар үчүн дивиденддерди берүү, айылдан чет өлкөгө кеткен немис улутундагы жарандарга таандык 1 млн. 519 миң сомдук үлүштү, айыл чарба шаймандарын, калган жерлерди тең бөлүштүрүү, кайра бөлүштүрүү коруна таандык жерди ыйгарууда социалдык абалды эске алуу өңдүү талаптар. Аларды журналисттерге Жаңыл Төлөгөнова тааныштырды.

- Кимге кайрылабыз? Эң аягында келгенибиз ушул жер болду, - деди Жаңыл Төлөгөнова,- Эгер маселе бир айга чейин чечилбесе пикетке чыгарыбыз тууралуу арыз жазып, 9-апрелде акимге тапшырганбыз. Үч күн мурда айыл өкмөтүнө кайрылдык. Биз законду бузган жокпуз. Биздин маселебизди чечип бергиле деп суранып келдик. Биздин депутатыбыз, парламенттин вице- спикери Болот Кудайбергенов бизге жардам берсин деп турабыз. Эч ким жардам бербесе азыр чыгып, Аскар Акаевичтин өзүнө барабыз. Жакырчылык жоюлбай эле жакырчылыкка биз кирип кеттик. Жакырчылыктан чыкпай калдык.

Пикетчилердин Ак үйгө баруу аракетин Ысыката районунун акими Мурат Саралинов, Парламенттин мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Акбөкөн Таштанбеков өз убадаларын берип токтотушту. Сүйлөшүүлөргө 1-Май районунун акими Токон Шайлиева да катышты. Округдан шайланган депутат Болот Кудайбергенов пикетке чыккан шайлоочулары менен жолугушкан жок. Мунун себеби кийинчерээк вице-спикердин парламенттик отурумду башкарып жаткандыгы менен түшүндүрүлдү.

- Бул маселе боюнча райондо комиссия түзүлгөн,- деп айтты райондун акими Мурат Саралинов,- анын ишин мен өзүм жеке көзөмөлгө алып жатам. Бул эки-үч күндө чечилчү маселе эмес. Мыйзам чегинде чечсек, эл да, өкмөт да ыраазы болот.

Пикетчилердин бири бул убададан майнап чыкпасын: «Мындай убада бергендер толтура болгон. Биз ишенбейбиз, деген көз карашы аркылуу билдирди. Нааразылык акциясын тартип коргоо кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте көзөмөлгө алып турду.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG