Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

Орусия кыргызстандык студенттерге кошумча орун бөлдү


2003-жылы Кыргызстандан 75 студент Орусиянын жогорку окуу жайларынан билим ала алышат. Бул тууралуу 12-майда Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады. Маалыматка караганда, Орусия Кыргызстанга быйыл кошумча 25 орун берди. Анын негизинде кыргызстандык улан-кыздар маданият жана көркөм өнөр окуу жайларында окуй алышат. Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда 1996-жылы түзүлгөн макулдашууга ылайык Орусия буга чейин 50 орун бөлчү. Андан тышкары Орусия быйыл аспирантура жана докторантурага 20 орун, орус тили боюнча бир айлык даярдыктан өтүү үчүн 125 орун бөлүүдө. Элчиликтин кабарына караганда, мындай жеңилдик Орусиянын Кыргызстанда жашаган жарандарынын билим алуусуна шарт түзүү максатында жасалууда.

XS
SM
MD
LG