Азербайжан президентинин маалымат кызматы бүгүн билдирүү жарыялап, Гейдар Алиев бир аптадан ашык дарыланган Түркиядан мекенине кайтып келгендигин кабарлады, бирок бир сүйлөмдөн турган документте анын саламаттыгы тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Президенттин кайтышын Азербайжандын мамлекеттик сыналгысы чагылдырган жок.
Алиев Анкарага 3-майда элге кабар бербестен, тымызын кеткен эле. Бейшемби күнү Алиевдин уулу Илхам Түркиянын ооруканасында атасы реанимация бөлүмүндө дарыланып, кийин жалпы бөлүмгө которулганын билдирген. Гейдар Алиев өткөн ишембиде 80 жашка чыкты.