БИШКЕК. Май айынын 15нен баштап Кыргызстанда эсеп-фактуранын жаңы үлгүсү колдонууга киргизилет. Бул тууралуу 13-майда Финансы министрлигинин киреше боюнча комитет төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев билдирди. Анын маалыматына караганда, Кыргызстандагы чарба жүргүзүүчү субъектилер эсеп-фактуранын түп нускасын ксерокопиядан өткөрүп алышып, көп жолу колдонушкандыктан, 2002-жылы эле бюджет 90 миллион сомго зыянга учураган. Ошондуктан, Финансы министрлиги 6 баскычтуу коргоосу бар жаңы үлгүдөгү эсеп-фактураны киргизүүдө. Министрликтин өкүлдөрүнүн айтымында, эсеп-фактура колдонууга абдан ыңгайлуу, аны эч ким жасап ала албайт жана ар бири 5-6 сомдон сатылат. Натыйжада, төлөмдөрдүн эсеби так болуп, финансылык мыйзам бузуууларга жол берилбейт жана мурда бюджетти кыйгап өткөн, кеминде 200-300 миллион сомдун казынага түшөөрү болжолдонууда.