Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:39

АУКККнун ишин чет элдик аудиторлор текшерүүгө тийиш


БИШКЕК. Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин (АУККК) мурдагы кызматкерлери Болотбек Тыналиев, Рыскелди Момбеков жана Качкын Булатов дүйшөмбүдө өткөн маалымат жыйынында «комитеттин төрагасы Рамазан Дырылдаев митинг, пикеттерди уюштуруп, Кыргызстандагы саясий туруктуулукту бузуу иштерин жүргүзүүгө бизди мажбурлаган», - деп билдиришти. Рыскелди Момбековдун айтымында, буга аны Рамазан Дырылдаевдин 2002-жылдын май айында «Пикет, митинг, жүрүштөрдү жасап жаткан Аксы элине кошуп Талас облусунун Карабуура районундагы калкты уюштуруп чыга албайсың» деп кинелегени, ошондон бери айлык маяна бербей койгондугу күбө. Ал эми Качкын Булатов комитетке колдоо көрсөтүп келген Голландиянын «Хивос» аттуу өнүктүрүү үчүн кызматташтык институтунун аудиторлору Рамазан Дырылдаев акыркы үч жылда чет мамлекеттен алган 465 миң долларды жеке кызыкчылыгына пайдалангандыгын текшерүүнү талап кылып жатышкандыгын билдирди. Аттары аталган адамдар, эгер аудиторлор эки жума ичинде аны аныктабаса, саясий ачкачылык жарыялашаарын кабарлашты. Ошондой эле алар Р. Дырылдаевге каршы болуп жаткандардын тарабында комитеттин кеминде 50 ыктыярдуу жактоочусу тургандыгын билдиришти.

XS
SM
MD
LG