Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:53

Эртең Кыргызстан менен Германиянын өкмөт аралык комиссиясы өз ишин баштайт


БИШКЕК. Эртең Бишкекте финансылык жана техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-герман өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны башталат. Анда Германиянын жакынкы 2 жыл ичинде Кыргызстанга көрсөтө турган жардамынын стратегиясы талкууланат. Мындай жыйындар 2 жылда бир жолу өткөрүлүп турат. Бул тууралуу бүгүн Финансы министрлигинин инвестициялар боюнча департаментинин адиси Уулкан Авазова билдирди. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Германия 140 млн. евро өлчөмүндө ар кандай багытта жардам көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG