Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Казакстанда оппозициянын лидери саясаттан кетүүнү чечти


Бул тууралуу бүгүн Мухтар Аблязов өзү билдирди. Аблязов мурда өлкөнүн энергетика министри болуп иштеген жана коррупциялык былыктарды жасаган, кызмат абалынан ашкере пайдаланган деген айып менен алты жылга эркинен ажыратылып, тогуз ай түрмөдө отурду. Ушул жуманын башында ага президент Нурсултан Назарбаев кечирим берген эле. Бирок Аблязов саясаттан кетип жаткандыгын буга байланыштырган жок, ошону менен бирге ал өзү жетектеген оппозициялык кыймылдын саясаты жана иш ыкмалары менен макул эместигин да ырастады.

XS
SM
MD
LG