Но Му Хэн түштөн кийин Ак үйдө президент Жорж Буш менен Түндүк Кореянын атомдук программасына байланыштуу кырдаалды талкуулады. Тараптар негизинен Пхеньян өзүнүн аталган программасын токтотууга тийиш деп эсептешет. Бирок түштүк кореялыктар Вашингтонду Пхеньянга каршы экономикалык санкцияларды жарыялоодон сактандыргысы келет. Мындай кадам абалды ого бетер татаалдантып жибериши мүмкүн. Пхеньян кечээ мындан он жыл мурда Сэул менен түзүлгөн келишимди да жараксыз деп жарыялаган эле.