Окуя тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Жолдошбек Бусурманкулов айтып берди.
- Эртең мененки саат 6дан 5 мүнөт өткөндө он чакты адам Жалалабад шаардык ички иштер бөлүмүнө кол салып, ал жердеги нөөмөткерлерди сабап, куралдарын тартып кетишкен. Андан кийин 25 мүнөт өткөндө, башкача айтканда, 6дан 30 мүнөт өткөндө Жалалабад облустук ички иштер башкармалыгына он чакты адам кол салып, ал жерден да нөөмөткерлерди сабап, куралдарын тартып кетишкен. Бардыгы болуп Жалалабад шаардык ички иштер бөлүмүнөн жана облустук ички иштер башкармалыгынан алар алып кетишкен куралдардын саны - болжол менен ондон ашык автомат, ондон ашык тапанча, - деди Жолдошбек Бусурманкулов.
Анын айтымында, кол салгандар куралдарды алышкандан кийин ички иштер кызматкерлеринин ошол жерде турган эки машинасына түшүп качышкан. Алардын изине түшкөн милиция кызматкерлери төртөөнү түшкө чейин колго түшүрүштү. Ал тууралуу Жолдошбек Бусурманкулов мындай деди:
- Кармалган төртөөнөн беш автомат, төрт тапанча алынды. Аксы районундагы Кызылжар айылына жакын жерден милиция кызматкерлери алардын машинесин кууп жетип, «токтогула» дешсе, токтогондун ордуна милиция кызматкерлерин көздөй ок атышып, качышкан. Бирок, качып баратып жол четиндеги бир сарайды барып сүзүп токтошкон. Милиция кызматкерлери машинадан түшүп, жашынып туруп тигилерди курчоого алып, «кол көтөрүп чыкпасаңар атабыз» дешкенден кийин тигилер чыгып келишкен. Экинчи машинасын дагы Аксы районунун бир айылындагы сууга киргизе кууп барышкан. Алар машинаны таштай качып, азыр тоодо жашынып турушат.
Кармоо иштерине ички иштер министринин Жалалабад шаарында жүргөн орун басары Өмүрбек Эгембердиев, окуя болоору менен курамы 50 адамдан турган куралданган топту облуска жетектеп барган министрдин дагы бир орун басары Болот Ногойбаев жетекчилик кылышууда. Ал эми Жалалабад облус губернаторунун басма сөз катчысынын милдетин аткаруучу Самудинов Станбек кармалгандар тууралуу буларды кошумчалады:
- Алар 7 кишиден турган топ болгон. Жетекчиси Каримов Адылбек деп болжолдонуп жатат. Ал мурда соттолгон жана милициянын мурдагы кызматкери.
Жалалабад облус губернаторунун орун басары Бахтияр Салиевдин айтымында, окуя болоор замат чукул кеңешме өткөрүлүп, коопсуздук чаралары көрүлдү.
- Эртең менен губернатор бардыгыбызды чогултуп, кеңешме өткөрдү. Район, шаарлар менен байланышып, команда берилди. Стратегиялык бардык жайлар, банктар, электр тармактары кайтарылууда. Жолдордо бекеттер бар. Эл, айыл өкмөттөрү, шаар, район башчылары билишет. Мектепти бүгүн жаап, окууну токтоттук. Ооруканалар да кайтарууга алынды. Биз азыр окуянын атышуусуз, жоготуусуз аякташын Кудайдан тилеп олтурабыз. Ушундай команда берилген, - деди Бахтияр Салиев.
Бул окуя болоору менен коомдо ал туурасында түрдүү пикирлер пайда болду. Айрымдар «Бул иш Аксы окуясында жабырлангандардын апелляциялык арызынын Кербенде эмес, Майлысуу шаарында каралашына нааразы болгондорго колдоо көрсөтүш үчүн жасалган болуш керек» дешсе, айрымдары муну кадимки кылмыш катары санашты. Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров ««кол салгандар Аксы районуна барып, аларга жардам берет экен» деген каңшаар кеп бекер жеринен чыккан жок» деди.
- Бул бийлик чыгарып жаткан сөз болуш керек. Эгерде Аксынын эли ушундай мыйзамсыз жоруктарга бара турган болсо, бир жылдан бери толук мүмкүнчүлүгү бар болчу. Андайга аксылыктар барбайт. Аксылыктар мыйзам чегинде гана күрөшөт. Булардын баары коомчулуктун пикирин буруш үчүн айтылып жаткан нерсе. Бардык нерсени бийлик «Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылына, мага, аксылыктарга жүктөшү үчүн айтылып жатса керек. Окуянын сотко төп келип жаткандыгынан улам мен бийлик тарабынан иштелип чыккан провокация да болушу мүмкүн деп ойлоп жатам. Эмне үчүн дароо эле «алар Аксыга кетти» деп билдиришти? Алардын Аксыга кеткендигин ким билет? Экинчиден, эмне, Жалалабад шаардык ички иштер бөлүмүн тоноп кеткенден кийин облустук башкармалыкка баргыча уктап атышканбы? Жок дегенде эшигин жаап алганга кудурети жетпептирби? Үчүнчүдөн, министрдин орун басары эмне үчүн дароо Аксыга учуп барды? Алар «булар Аксыга барыптыр, элге курал таратат экен» деген шылтоо менен эптеп Аксынын элин тинтүү, кармоо, куугунтуктоо иштерин жүргүзүш үчүн уюштурулушу мүмкүн, - деген оюн билдирди Азимбек Бекназаров.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Жолдошбек Бусурманкулов окуя эч кандай саясат менен байланыштырылбай тургандыгын белгиледи.
- Мен мунун саясий жагына эч кандай түшүндүрмө бере албайм. Мен болгон ишти гана айтам. Тергөө иштери жүрмөйүнчө муну кандайдыр-бир кыймылдарга же партияларга байланыштырыш туура эмес болот, - деди Жолдошбек Бусурманкулов.
Жалалабаддагы облустук ички иштер башкармалыгына жана шаардык ички иштер бөлүмүнө кол салууга эмне түрткү бергени азырынча белгисиз. Аны кол салгандар толук кармалгандан кийинки тергөө көрсөтөөр.