Мухтар Аблязовдун иши Феликс Куловдукуна окшош. Мурда министр болуп иштеген Аблязов 2001-жылдын аягында Казакстанда жаңы кыймыл түзүп, аны "Казакстандын демократиялык тандоосу" деп атаган. Аблязов менен кошо жаңы кыймылдын тең-төрагасы болуп Павлодар облусунун мурдагы акими Галимжан Жакиянов шайланган жана президент Нурсултан Назарбаев ал кезде Аблязов менен Жакияновдун демилгесин колдоого алган. Бирок эки-үч айдын ичинде жаңы кыймыл өлкө оппозициясын бириктирүүгө мүмкүнчүлүк алып, Назарбаевдин бийлигине коркунуч түзө баштаганда, кыймылга каршы катуу чаралар көрүлгөн.
Аблязов менен Жакияновтун экөөнө тең каршы, Феликс Куловко каршы сыяктуу, андан бир нече жыл мурда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген күнөө коюлуп, былтыр жаз айларында кылмыш иштери ачылган. Казакстандын өзүндөгү эксперттер дагы, чет өлкөлүк байкоочулар да бул эки ишти саясий куугунтуктоо деп тааныган жана аларга чет өлкөлүк элчиликтер да жардамдашууга аракеттенген. Камалаар алдында Жакиянов Франциянын элчилигинде жашынган, бирок казак бийлиги дипломаттарды алдап, Жакиянов эч кандай шартта камалбайт деп убада бергенде, ал элчиликтен чыккан жана дароо үй камагына алынып, андан соң кадимки эле түрмөгө отургузулган.
Эки саясатчы тең былтыр август айында соттолуп, Аблязов алты жылга, Жакиянов жети жылга кесилген. Абакта алар абдан кордолуп, сабалган деген да маалыматтар бар. Бирок эми Аблязовдун бошоп чыкканы - ал бийлик менен келишим түзгөндөй таасир калтырат. 14-май күнү Аблязов Алматыга келип журналисттер менен жолукканда, мындан ары саясатка көп кийлигишпей турганын айтты: "Менин айтайын дегеним - кечирим суроо өтүнүчү менен президентке мен өзүм кайрылдым, ал арыз 8-апрелде жазылган жана 10-апрелде президенттин кеңсесине жеткен. Мага эч кандай басым жасалган эмес, мен өз ыктыярым менен кайрылдым. Абакта мен көп ойлондум жана мындан ары бизнесте гана иштөөнү чечтим. Соттун чечиминен биз күнөм санаган жокпуз, биз жөн гана президенттен кечирим сурадык жана менин арызым канаттандырылганына мен президентке ыраазычылык билдирем."
Жакиянов болсо азырынча камакта жана анын адвокатынын айтымында, президенттен кечирим суроого анын эч ниети жок, анткени өзүн күнөөлү деп санабайт. Жакияновдун жубайы Карлыгач Жакиянова 14-май күнү "Азаттыктын" Алматыдагы кабарчысы менен маектешкенде, Аблязов менен бийлик ортосунда келишим түзүлгөнүн кыйытып билдирди: "Бошонуп келгенине мен өтө кубанычтамын, жана да мен билемин, сеземин аны - бүгүнкү Мухтарга айткызып жатса да, анын айтылбаган экинчи жагы да бар, аны силер деле түшүнөсүңөр, ошондуктан алар өз жүзүн дурустап көрсөтүүгө аракеттенип жаткан чыгар, Мухтарга бүгүн ушундай сөздү айткызып атканы".
Аблязов менен Жакияновдун иштерин кайра карап, аларды бошотуш керек экенин эл аралык уюмдар талап кылып келген жана Назарбаевдин финансылык аракеттери боюнча чет өлкөлөрдө кылмыш иштери да ачылган. Ал эми апрел айынын башында Нью-Йорк шаарынын соту тарабынан Назарбаевдин кеңешчиси болуп келген Жеймс Гиффен коррупция үчүн күнөөлү деп табылды. Мындай курч абалды жумшартуу максатында Назарбаев үчүн оппозициялык саясатчыларды бошотуп жиберген жакшы. Мүмкүн ошол сыяктуу себептерден, жакында Кулов да бошойт деген сөздөр дагы азыр таралууда.