Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Ошто быйыл товары өрттөлгөн майда соодагерлер облус губернаторуна арызданышты


ОШ. Бүгүн губернатор Накен Касиев нааразы болуп келгендерди кабыл алды. Базарчылар сата турган товарлары сакталган жүк сактоочу жай 2003-жылдын 1-февралынын кечинде өрттөнүп кетип, 64 адам 2 млн. 400 сомдук чыгымга учурагандыгын, жүк сактоочу жайдын ээси Аманулла Иминов базарчылардын чыгымын төлөп берүүдөн баш тартып, натыйжада базарчылар сотко кайрылгандыгын айтышты. Алар 19-майда өтүүчү сот жараянынын калыс өтүшүн талап кылышты. Анткени шаарда «Аманулла Иминовдун кызыкчылыгын облустук сот катуу коргойт экен» деген сөздөр тараган.

XS
SM
MD
LG