Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:33

ЖАЛАЛАБАДДАГЫ КОЛ САЛУУ, ПРЕЗИДЕНТТИН ЖАҢЫ КИТЕБИ, БИШКЕК МААРАКЕСИ


Кыргыз басылмаларында Жалалабаддагы куралдуу кол салуу, президент А.Акаевдин кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башатында турган тарыхый инсандар тууралуу жаңы китебинин бетачары, Бишкек шаарынын 125 жылдыгы сындуу окуялар чагылдырылууда.

15-майдын таңында куралдуу он киши Жалалабад ички иштер бөлүмүнө, андан соң облустук ички иштер башкармалыгына кол салып, кезметте турган ички иштер кызматкерлерин сабап, катуу кайтаруудагы автоматтык курал-жарактарды алып кетишкенин “Вечерний Бишкек” гезити маалымдады. “Ички иштер кызматкерлерин уруп-сабап, 10дон ашуун курал-жарак, ок-дарыны алып кеткен кылмышкерлерди издеп табуу аракети көрүлүүдө”, деп билдирет гезит кабарчылары.

Парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйыны сапаттык жагынан өзгөрүлө баштаганы бейшембидеги “Трибуна” гезитинде баяндалган. Журналист Ырысбек Өмүрзаков Карасуудан Муратбек Малабаевдин депутат болуп шайланышын палатанын айрым депутаттары кандай кабылдай тургандыгына ой жүгүрткөн. Карасуулук депутат 1999-жылы Кылмыш кодексинин 6 беренеси менен айыпталып, ал кездеги Бишкектин Октябрь райондук соту, азыркы парламент депутаты Азимбек Бекназаров тарабынан акталып чыккан. Райондук сот орто билими бар М. Малабаевди бажы кызматынын полковниги чининде өз кызматында калтырган. Коррупцияга күрөш ачкан президент пара албай койгон жалгыз тергөөчүнү үлгү катары көргөздү. “Президенттин демилгесин колдогон милиция, салык кызматкерлери базарда отургандарды тегиз текшере башташты, коррупция базарда отургандардын арасында жок”, деп бүтүм чыгарат гезит.

“Общественный рейтинг” апталыгынын бейшембидеги санында Кыргызстандын Эл аралык университетинин президенти Асылбек Айдаралиевдин маеги жарыяланды. Анын айтымында, өнүккөн өлкөлөрдө орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн 60% ашууну жогорку окуу жайларына өтүшөт. Өнүгүп келаткан өлкөлөрдө мындай көрсөткүч болгону 11% түзөт. Студенттердин саны жагынан Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдүн катарында тура алат. Анткен менен республикадагы билим берүүнүн сапаты төмөн, окууну бүткөндөр жумуш менен камсыз болушпайт, жарыбаган маяна алган окутуучуларга чоң талап коюш да кыйын. Апталыкта Бишкек шаар башчысы Медетбек Керимкуловдун маегине да орун берилген. Анын маалыматына караганда, башкалаанын 125 жылдык мааракеси 11-июнда орусиялык эстрада ырчыларынын чоң концерти менен башталып, 14-июнда “Спартак” стадионундагы шаң-салтанат менен аяктайт.

2000-жылы Кыргызстанда 1,5 миллионго жакын декалитр арак чыгарылса, кийинки жылы бул сан 300 миң литрге жакын көбөйгөн. 2002-жылы 2 миллион 400 миң декалитр өндүрүлсө, быйылкы жылга 3 миллионго бир аз жете бербеген декалитр ачкыл суу чыгарылмакчы. Бул маалымат бейшембидеги “Слово Кыргызстана” гезитиндеги Кыргызстандын Спирт өндүрүшү боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Улан Байызбековдун маегинен алынды. Гезитте президент А.Акаевдин “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн улуттук идеясы жана жетекчилер” деген жаңы китеби тууралуу бир топ окумуштуулардын пикирлери, мамлекеттүүлүктүн башында турган тарыхый инсандардын сүрөттөрү жарыяланган.

“Агым” гезитинин жума күнкү чыкчу санында Абдувахаб Мониевдин “Түндүк-Түштүк: ажырым төркүнү кайда?” аттуу макаласы жарыяланмакчы. Бир улуттун ич ара жиктелип, бөлүнгөнүнүн себеп-жөнүнө сереп таштаган автор трайбализм негизинен бийлик башында отургандардын жасаган-эткенине байланыштуу экенине токтолгон.

“Жума күнкү «Аалам» гезитинде, чатакка кабылган Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин жетекчиси Рамазан Дырылдаевдин иши тууралуу макала, Бишкек шаар башчысы Медетбек Керимкуловдун маеги жарык көрмөкчү”, - деп маалымдайт басылманын жооптуу редактору Кенжебек Арыкбаев.
XS
SM
MD
LG