БИШКЕК. Жалалабад шаардык жана облустук ички иштер кызматтарынын курал-жарактарын тоноо фактысы боюнча шектелген 8 адамдын жетөө кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Жолдошбек Бузурманкулов билдирди. Анын айтымында, бул окуя боюнча облустук прокуратура Кылмыш кодексинин бандитизмге жана каракчылыкка байланышкан эки беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Мындан тышкары, Жолдошбек Бузурманкулов диний-экстремисттик уюмдар жана Аксы окуясы менен Жалалабад окуясынын байланышы жок экенин белгиледи.
Ушул эле күнү «АКИ-пресс» маалымат агенттиги Жалалабаддагы курал тоноого байланыштуу коңшу Өзбекстан мамлекети чек ара аймактарында коопсуздук чараларын күчөткүндүгүн кабарлады. Мындай буйрукка Өзбекстандын президенти Ислам Каримов кечээ кол койгон. Анда куралчан топтордун чек арадан өтүп кетишинин алдын алуу, чек араны бекемдөө, бажы жана чек ара бекеттерин көзөмөлдөө максатында атайын ыкчам топторду түзүү белгиленген.