Өткөн жылдын 17-18-мартында Аксынын Боспиек айлынын жанында окко учкан жигиттердин жакындары кандуу окуянын чыныгы күнөөкөрлөрү жазасыз калышканына нааразылыгын билдирип, бир жыл бою пикет, жыйын, жөө жүрүштөргө чыгып келишкени элдин эсинде. Аксы алааматына күнөөлүү деп табылгандар соттолду, алардын апелляциялык арызын караган Майлысуудагы сот да соңуна чыкты. Ансыз да күйүттөн арыла албай келаткан ак чач энелер “Аксылык аялдардын кыймылын” түзүшкөн. Адилеттик издеген энелердин жолун бууган милиция кызматкерлери көптүгүнө салып топ зайыпты жаш-карысына карабай автобуска сүйрөп жөнөштү.
Боспиекте набыт болгон Сапаралиев Кадыркулдун сүрөтүн көтөргөн эжеси Курамбаева Бурулбү Бишкектин Эркиндик менен Жумабек Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде туруп армандуу сөзүн улантты:
- Бишкекке келсек биерден бизди кордойт. Андан көрө атып салышсын! Атабыз дешсе тизилип туруп беребиз. Акаев алдыбызга келсин. Бул эмне деген кордугу? Энелердин жарымысы сулап жатат. Жерин саткан, элин аткандын кереги жок бизге. Ошол үчүн күйгөндөн айтабыз. Бизди жакшынакай кылып эле тосуп албайбы, биз жакшы сөзүбүздү айтпайбызбы! Акыйкат издеп келген адамды жакшы тосуп алыш керек болчу. Биз эч нерсе сурабайт болчубуз. Биз сот чечимин гана акыйкат чечип берсин деп келгенбиз. Эмне мынча бизди кордойт? Мына ушундайынан Акаев өзү каршы кылып атат. Жакшы болсо биз сөзүбүздү айтып кетээр элек. Биз дагы эле тура беребиз. Атмайынча тура беребиз, бул кылган кордугу эстен кетпес! Биздин жүрөгүбүзгө так салган аябай. Жүрөгүбүз ысып келген. Балдарыбыз өлүп атса, балдары жетим калып атса кантип күйбөйбүз? Ана башыбыздагы жоолугубуз да жок, бутуму кайрып салды.
Автобустардын бирөө узап, экинчиси жуп жөнөөр алдында парламент депутаты Азимбек Бекназаров келди.
- Алып келгиле, машинага салгыла,- деди ал жолдо эси ооп жаткан энени карап.- Ким команда берди? Ой, азыр эле президент тараптан кабыл алабыз деп атышса, ким команда берди?
Парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрага орун басарынын өтүнүчү боюнча президенттин палатадагы өкүлү Чолпонкул Арабаев президенттик администрациянын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Б.Жанузаков менен сүйлөшкөнүн, маселе мыйзамдуу негизде такталаарын билдирди.
- Тийиштүү кызматтарга тапшырма берилди, мыйзамдын негизинде алар жообун беришет,- деп айтты Ч.Арабаев.
Ушул эле күнү кечинде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Үзөңгүкууш боюнча пикетке чыккандарга жана Аксыдан келген аялдарга административдик жаза берүү жөнүндө даярдаган ишти караган жок. Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү 32 кишиге административдик жаза колдонуу тууралуу иш даярдаган. Райондук соттун төрайымы Жаңыл Алиеванын сөзү боюнча, сотко иши өткөрүлгөн аксылык аялдардын паспорттору жок экен. Райондук соттон бошонуп чыккан аялдарды милиция кызматкерлери кайра автобуска салып алып кетүүгө аракет кылышты. Райондук сотко келген укук коргоочулардын, парламент депутаты Алевтина Проненконун кийлигишүүсү менен, анын үстүнө милициянын курчоосундо турган эки аял эси ооп жыгылгандан кийин гана милиция кызматкерлери курчоосун токтотуп, аксылыктарды бошотту.