Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

Словакияда - Европа Биримдигине кошулуу маселеси боюнча референдум өтүп жатат


16- жана 17-май күнү Словакияда жалпы элдик референдум өткөрүлүүдө. Өлкө жарандары - Словакия эмдиги жылы Европа Биримдигине кошулууга тийишпи деген суроого жооп берет. Словакия эгемендүүлүкө жеткенден берки он жыл ичинде өлкөдө бир нече референдум өткөрүлгөн, бирок анын бирине да шайлоочулардын талаптуу 50 пайызы катышкан эмес. 16-май күнү шайлоо түйүндөрүнө 25 кана пайыз шайлоочу келген. Эмдиги жылы Европа Биримдигине 10 жаңы мамлекет кошулууга тийиш жана Литва, Мажарстан, Мальта менен Словениянын эли ага өз макулдугун берди.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG